super.kg logo
  Саясат  

Өмүрбек Текебаев отурган камерадан видеокөзөмөлдү алышты

 

Саясатчы Өмүрбек Текебаев отурган камеранын ичинен видеокөзөмөлдү алып салышты. Мындай маалыматты 11-апрелде Жогорку Кеӊештин жыйынында Жаза аткаруу кызматынын төрагасынын биринчи орун басары Жоробек Дүйшөмбиев билдирди. Видеобайкоо камеранын сыртында калды. "Текебаевдин арызынын негизинде видеобайкоо алынды", - деди жетекчи орун басары.

Текебаев отурган камеранын ичи-тышына видеокөзөмөл 2018-жылы январда орнотулган. ЖАМК бул аракетти Текебаевдин коопсуздугу үчүн деп түшүндүргөн. Ал эми Текебаев өзү камеранын ичине видеокамера орнотууга каршы экенин айтып чыкса, анын адвокаттары бул аракетти кыйноонун бир түрү деп аташкан.

2 айдан бери камеранын ичиндеги байкоону алып салуу талаптары айтылып келди.

Бүгүн, 11-апрелде премьер Сапар Исаков Текебаев отурган камеранын ичинен видеобайкоону алып салуу боюнча ЖАМК жетекчилигине тапшырма берген. Түшкө жакын камералар алынганы белгилүү болду.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 12 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: