super.kg logo

Адис: Рублдун куну төмөндөсө, Кыргыз сомуна таасирин тийгизет

 

Кыргыз өлкөсүндө доллар 43 тыйынга жогорулады. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан маалымдалды.

"11-апрелге карата доллардын наркы 43 тыйынга жогорулаган. Бирок бул жогорулоо базардагы суроо-талапка гана байланыштуу. Бүгүнкү күндө валюталардын баасы туруктуу. Улуттук банк валюталардын курсун аныктап, мониторинг жүргүзүп турат", - деп билдирди.

Ал эми Экономика министрлигинин макроэкономика саясат башкармалыгынын башчысы Насирдин Шамшиев буларга токтолду.

"Рублдун куну төмөндөсө, Кыргыз сомуна да таасирин тийгизет. Анткени биздин экономикабыз Орусия менен тыгыз байланышта. Ошондой эле учурда Орусияда салык төлөө мөөнөтү келди. Алар салыкты, төлөмдөрдү рубль менен жүзөгө ашырат. Андыктан жакынкы арада абал жөнгө салынып, валюталардын курсу туруктуу болот. Себеби Орусиянын Борбордук банкы жана Экономика министрлиги доллар менен евронун кескин түрдө кымбаттап кетишине жол бербейт".

Белгилей кетсек, буга чейин Орусияда доллар менен евронун наркы жогорулап, рублдун куну түшүп кеткен.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 6 
Комментарийлер(5)
11.04.2018. 17:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+25
Рубль которулбосо болбойт которулсун тезираак
11.04.2018. 17:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+15
Трап тажаттын сен санкция мн
11.04.2018. 20:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Аллахым озу колдосун!Азыр Орусия менен жан багып аткан мигранттарыбыз коп.
12.04.2018. 08:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Рубль сом курс канча болуп жатат азыр супер инфо 1,07деп турат ошондойбу.
12.04.2018. 09:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
10 50 азыр
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: