super.kg logo

Курулуш башкармалыгы: "Айла жоктугунан улам бир учурда бир нече көчөнү жаап, жолдорду оңдоп жатабыз"

 

Айла жоктугунан улам бир учурда бир нече көчөнү жаап, жолдорду оңдоп жатабыз. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Бишкек мэриясынын алдындагы капиталдык курулуш боюнча башкармалыгынын башчысы Нурлан Эшенбаев кабарлады.

Бир мезгилде кыймыл токтобогон бир нече көчөнү оңдоп-түзөө иштерине жабуу жолдордо тыгындарды пайда кылып, тургундар үчүн ыңгайсыздык жаратууда. Бул маселе боюнча курулуш башкармалыгынын башчысы Эшенбаев төмөндөгүлөрдү билдирди:

"Жалпысынан 38 чакырым жолду оңдоп-түзөө иштери каралган. 23 көчөнүн ичинен он беши быйыл оңдолот. Мунун кесепетинен унаа тыгындары пайда болуп жатат. Бирок бул ишке биз айла жогунан улам бардык. Жолдорду оңдоо боюнча иштелип чыккан долбоор 2017-жылы кабыл алынган, 2 жылдын ичинде долбоордо каралган иштер жасалып бүтүшү керек. Бизде жумуш көп, убакыт аз. Шаар тургундары түшүнүү менен кабыл алат деп ойлойм".

Жолдорду тез убакыт ичинде оңдоо иштери жүрүп жатканы менен сапаты кандай болуп жатат деген суроого Эшенбаев:

"Жолдор атайын белгиленген нормаларга ылайык салынып жатат, алар бүткөн соң, атайын комиссия жолдордун абалын, сапатын текшерип, анан гана кабыл алат", - деп билдирди.

Ошондой эле жетекчи жолдорду оңдоп-түзөө иштерин тездетүү үчүн кошумча жумушчу күчүн тартууга мүмкүн эмес экендигин жана буга каражат каралбагандыгын кошумчалады.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(7)
11.04.2018. 19:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Эптеп бутурмой заман да
11.04.2018. 20:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Кантип айласы жоок болсун Бир кочону бутуп анан экинчисин баштаса болото..
11.04.2018. 21:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
эптеп эле озбектердин ала чапанын жамагандай жамап койушот анысы кузго жетпей чыгып кетет жамашып атып миллиондорду чонтогуно тыгышат Россияда бир кочону бир тундо бутурот биздикилер бир ай жамайт же жалганбы
11.04.2018. 22:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
nurbek56,++++ миллиондорду коротуп, тендер утту деп, кытай компанияларына тапшырат. Алар деле биздин системага отуп алышкан, акчаны чогуу болушуп. Москвада чоон жолдорду 1тундо бутот, туну менен жасап. Коруп, бизде деле ушинтип, качан бутот болду экен дейм. Бизде акчаны биринчи болуп алышып, анан калганына жасашат окшойт.
12.04.2018. 09:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
кар менен кошо ээрип кетчүү тез бүтмө көчөлөр гарантия деген жок негизи 5 жылга чейин кепилдик бериш керек жолду салгандар
12.04.2018. 09:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эптеп- септеп бутуруп таштап айла жокко шылтабай жакшы жасагыла. Тендер жкруп жатканда айла жогунарды айтпайсынар, тункусун иштегиле элге кыйынчылык жаратпагыдай болуп!
12.04.2018. 10:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
москва карпинка кочосун жаап койгонуна 3 апта болду иш жылганын корбойсун
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: