super.kg logo
  Спорт  

Топ-Лига-2018: "Дордой" Оштун "Академия" командасын ири эсепте жеңип алды

 

Бүгүн, 11-апрелде Бишкек шаарында футбол боюнча Өлкө биринчилиги Топ-Лиганын 2-туру старт алды. Бишкек шаарындагы футбол борборунун стадионуна "Дордой" командасы "Академия" командасын кабыл алды.

"Дордой" (Бишкек) - "Академия" (Ош) - 4:1

Александр Крестининдин шакирттери беттештин алгачкы мүнөттөрүнөн тарта топко ээлик кылып, бир нече кооптуу чабуул уюштурушту. 14-мүнөттө Кайрат Жыргалбек уулу Бекжан Сагынбаевдин чыгарып берүүсүнөн кийин эсепти 1:0 кылды. "Академия" командасынын оюнчулары 1-таймда эсеп санын өзгөртүүгө бир нече мүмкүнчүлүккө ээ болушкан. Бирок оюнчулар таамай боло алышкан жок. 50-мүнөттө Амир Гурбани эсепти 2:0 кылса, Бекжан Сагынбаев 68-мүнөттө эсепти 3:0 кылып кетти. Буга "Академиянын" футболчулары 69-мүнөттө Сардор Соибовдун голу менен жооп берсе, 75-мүнөттө Бекжан Сагынбаев 2-голун киргизип, эсепти 4:1 кылды. Муну менен беттеш соңуна чыгып, бишкектик "Дордой" турнирдик жадыбалда 6 упай менен сап башында жайгашты.

Эртең, 12-апрелде 2-турдун оюндары Кочкор-Ата жана Кант шаарларында уланат. Кантта "Алга" менен "Кара-Балта" кез келсе, Кочкор-Атада "Нефтчи" өз талаасында бишкектик "Илбирсти" кабыл алат. 2-тур 15-апрель күнү Кант шаарында "Абдыш-Ата" - "Алай" беттеши менен жыйынтыкталат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: