super.kg logo

Аида Касымалиева мурдагы спикер Турсунбековдон "ТВЕА Кыргыз депутаттарын Кытайга чакырып, бирден планшет бергенби?" деп сурады

 

Бүгүн, 11-апрелде Жогорку Кеңештин депутаттарынан турган ЖЭБдеги өндүрүштүк кырсыктын себептерин иликтеген комиссиянын жыйыны болду. Анда мурдагы Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков жана ошол кезде өкмөт башында турган Жантөрө Сатыбалдиев маалымат берди.

Депутат Аида Касымалиева Чыныбай Турсунбековдон "ТВЕАнын чакыруусу менен барган депутаттар өлкөгө планшет көтөрүп келген" деп айтылган маалыматтардын чын-төгүнүнө кызыкты.

"Депутаттык топко ТВЕА бирден планшет берген деген сөздөр айтылууда. Ошол сөздүн чындыгы барбы? Эгер чын болсо, ал кандай планшеттер эле?" - деп суроо салды Касымалиева.

Чыныбай Турсунбеков расмий сапарларга барган учурда дайым эки тарап бири-бирине белек ыйгаруу салты болорун айтып, ал жактан эмне белек алганына токтолгон жок.

"Бардык иш сапарларга барганда биз белек алып барып, ал жактан белек алып келебиз. Ошол сыяктуу эле биз барганда сувенир жана башка алып барган белекти тапшырганбыз. Алар да өздөрүнүн деңгээлинде белектерди беришкен. Мен ага токтолбой эле койгонум оң", - деп жооп берди Турсунбеков.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Комментарийлер(4)
11.04.2018. 17:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Бир самолетто куласанар эле 120ман тен келбес болуп
11.04.2018. 19:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Иий мурда ар райондон бирден эле болгон эле депутатар жакшы эле ар районго эмгеги синген чыгаандар чыгат эле азыр только бизнесмендер бийликте отурат. Только бизнесин коргош учун. Кыргызстан тугоп кетседа баары бир буларга. Эптеп оозу менен айта берет бирок булардан бирда толк жок. Шайлоо болоордо эле келет ансыз бут баспайт. Илгерки депутатарды тааныйт эле Дооронбек Садырбаевдей чыгаандар болчу. Эл жер деп куйгондор. Мелис Эшимкановдой. Азыр ити деле пити деле депутат тобо.
12.04.2018. 08:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Партиялык тизме деген ушул да. Криминалдар отурат...фамилияларын озгортуп, наркотрафик менен колго тушуп...Денгээлин карагылачы...KG номерин бергиле деп догурунушат кайра кыйраткансып. Бир кундук чыгашасы 17 мин сом. Буларга пенсионер жашаган 5000 сомду айына бере турган болсок бир айга жетпей асынып олушот...
12.04.2018. 09:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жогорку кызматтагылар башка мамлекеттен белек турундо бирдеме алууга тыйуу салынат деген эрежени мыйзам чыгаргандар оздору уруп ойнобойт экенда, чыккынчылар, жем чачып койсо алданып журдунорда.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: