super.kg logo

Кыргыз-Өзбек чек арасында тургундарга карата ок атууга кескин тыюу салуу боюнча милдеттер коюлду

 

Кыргыз-Өзбек чек арасында жергиликтүү тургундарга карата ок атуучу куралдарды пайдаланууга тыюу салуу макулдашылды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, бүгүн, 11-апрелде Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Уларбек Шаршеев өкмөт башчы Сапар Исаковго чек арада Кыргыз жаранынын өлүмүнө алып келген окуя боюнча маалымат берди.

Шаршеевдин айтымында, өзбек тарап чек ара кызматынын жетекчилеринин деңгээлинде 2018-жылдын башынан берки эки окуяны объективдүү иликтөө боюнча тыгыз кызматташууга даяр экенин билдирди.

"Кыргыз өлкөсүнүн жана Өзбекстандын Чек ара кызматынын башчыларынын жолугушуусунун жүрүшүндө аскер кызматкерлеринин өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч туудурган эки өлкө мыйзамдарында каралган учурлардан тышкары, тараптардын тынч тургундарына карата ок атуучу куралдарды пайдаланууга кескин тыюу салуу боюнча конкреттүү милдеттерди койду", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, 7-апрель күнү саат 7:30 чамасында Өзбекстандын чек арачыларынын огунан Аксы районунун 34 жаштагы Фархад Мырзакалыков аттуу Кыргыз жараны каза болгон. Ал Өзбекстанда жашаган таежесинин үйүнө барган. Кыргыз мамлекетине кайтып келе жатканда өзбекстандык чек арачылар башына атып жиберишкен.

Бул окуядан улам Тышкы иштер министрлиги Өзбекстандын Кыргыз Республикасындагы ыйгарым укуктуу элчиси Комил Рашидовду чакырып, ага нота тапшырган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(7)
11.04.2018. 20:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
ошо менен не болду,ошондо?
11.04.2018. 21:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Конкреттуу жазага тартыш керек ок аткан аскерди анан келишимди кучуно киргизуу керек. Болбосо Кыргыз жарандарын озбек аскерлери ок аткан учурлары коп болду. Макул макул келиштик дей берсек алар ок чыгара беришет
11.04.2018. 21:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Алдап жонотуп койсо бул кайтып келди да папканы которуп барганда не пайда эми
Модератор admin_media түзөттү 2018-04-12 10:26:05
12.04.2018. 00:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ХХХХХХХ Кыргыздарды,ХХХХХХХХ
Модератор admin_media түзөттү 2018-04-12 10:26:22
12.04.2018. 10:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
tursunbaev78,
Провокация жараткан билдирүүлөрдү жана улуттар арасында түшүнбөстүк жараткан билдирүүлөрдү калтырууга тыюу салынат! 3 күн БАНга!
12.04.2018. 00:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Наалат болсун, бечара шордуу олуп кала берди жон жерден, биздикилерге ХХХХХХХХХХХХХХ
Модератор admin_media түзөттү 2018-04-12 10:28:07
12.04.2018. 10:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Juni1, такталбаган маалыматтарды жазуудан алыс болуңуз!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: