super.kg logo

Белгилүү "Титаник" кемесинде жазылган кат аукционго коюлду

 

Белгилүү "Титаник" кемесинде жазылган кат аукционго коюлду. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Белгилүү болгондой, аукционго коюлган кат 1912-жылы 10-апрелде II класстагы жүргүнчүсү Кейт Басс тарабынан жазылган. Катта Басс кеме жаңы эле деңизге чыкканын жана кеменин ичиндеги жашоо тууралуу жазган.

"Байлар үчүн арналган бөлмөлөрдүн кооздугу көз жоосун алат. Менин бөлмөдөгү коңшум келе элек. Ошол себептен бүгүн эки чиркөө кызматкери менен түшкү тамак жедим. Катты бүгүн эле жөнөтүп коёюн. Анткени эртең деңиз оорусу менен ооруп калышым мүмкүн", - деп жазылган катта.

Кырсыктан аман калган Кейт Басс 1972-жылы 96 жашында көз жумган. Анын катын буга чейин үй-бүлөсү сактап келген. Каттын аукциондогу баштапкы баасы 30 миң доллар деп коюлган.

Айта кетсек, буга чейин "Титаник" кемесинин дагы бир жүргүнчүсү бизнесмен Оскар Холверсондун 1912-жылы 13-апрелде апасына жазган каты 166 миң долларга сатылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(8)
12.04.2018. 10:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Анын катын сатып алып эмне кылышат
12.04.2018. 10:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Begaiko, убакыт откон сайын баасы жогорулайт бироо 200 минге алат дагы кийиин эки эсе кымбат сатат айрымдары бар жон гана эстелике сактап койот ээми мунун баары чириген акчасын кайда кетирээрин билбеген байлардын иши да а биз болсо жон гана суктанып окуп койобуз
12.04.2018. 10:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
От тамызгычк болуп кетмек бизде болгондо
12.04.2018. 10:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кайрымдуулукка жумшайт элем акчам болсо, бироонун эскирген катын алгыча
12.04.2018. 11:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кызык 1972- жылы 96 жашында коз жумса демек 1876-жылкы экен, анан 1912- жылы 2-класс болуп калабы же мен тушунбой калдымбы
12.04.2018. 11:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Siren90,2-класстагы деген бул жанага люкс класс, эконом класс дегени да
12.04.2018. 13:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Siren90, Ал 35 жашында 1-класска барыптырда... Туурабы Админ...
12.04.2018. 13:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Mambetali,кемедеги каюталардын классын айтып жатат(даражасын) мектептеги класс эмес)))))
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: