super.kg logo

ӨКМ: "Тогуз-Тородогу митингге чыккан эл 5 техника, 6 имаратты өрттөп жиберген"

 

Тогуз-Тородогу митингге чыккан эл 5 техника, 6 имаратты өрттөп жиберген. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, кечээ, 11-апрелде Тогуз-Торо районунун Каргалык айыл аймагында жергиликтүү эл тарабынан "Джи Эл Макмал Девелопинг" алтын ылгоочу мекемесине таандык 2 КамАЗ, 2 экскаватор, 1 кран өрттөлгөн. Андан сырткары 2 контейнер, административдик имарат жана 5 өндүрүштүк имараттар өрттөлгөн.

Айта кетсек, буга чейин Тогуз-Тородо миңден ашуун адамдын катышуусунда митинг болгон. Алар аймактагы алтын ылгоочу комбинаттын курулушу токтотулуусун талап кылышкан. Митингдин жүрүшүндө алтын ылгоочу комбинаттын имараты өрттөлүп, ыргытылган таштан жаракат алып, 3 милиция кызматкери жана жергиликтүү тургун ооруканага кайрылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
12.04.2018. 11:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Менин жеке оюм абдан туура иш болгон. Антпесе пайдасын бир ууч адам коруп, карапайым калк дагы эле балдарын Россияга жонотуп кобп олтурушат. Тогуз торолуктар азаматтар. Элге пайдасы тийсе ким барат эле мындай ишке. Азаматтар.
12.04.2018. 11:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Эмнеси болсо дагы элге зыяны тийбесин да.чондорду ойлондураар эми.
12.04.2018. 11:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Эл жөн эле чыкпайт , бир чон себеби бар, элди угуш керек.
12.04.2018. 11:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Молоцы!!! Эми акимди кайра ордуна шайлап алгыла. Болбосо башчынар жок, кыйыныраак болуп калатго?!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: