super.kg logo

Депутат Турускулов: "Түндүк-Түштүк альтернативдик жолу быйыл бүтөрүнө күмөнүм бар"

 

"Түндүк-Түштүк альтернативдик жолун курууда иш жакшы жүрбөй жатат", - деди бүгүн, 12-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында "Республика-Ата Журт" фракциясынын лидери Жыргалбек Турускулов.

"Түндүк-Түштүк жолун куруу долбоору 850 миллион долларды түзөт. Бүгүнкү күндө 1-фазасын 140 миллион доллар, 2-фазасына 134 миллион доллар ишке салына элек экен. Өкмөт 3-фазаны да ишке салсаңар жакшы болот эле. Анткени быйыл бюджеттен 100 миллион сом кошумча каражат каралды. Жумгал эли "Жумгал-Кочкор-Арал" жолу 140 чакырым экен, ошону баштап тез арада бүтүрүп берсе деп кайрылып жатышат.

Казармандагы тоннелди казууда аркы бетинен 150 метр, берки бетинен 150 метр казылыптыр. Азыр кыйынчылык жаралып жатат дешүүдө. Түндүк-Түштүк альтернативдик жолу 2014-жылы башталган. 2018-жылы бул долбоор бүтүшү керек. Мен 2018-жылы бул жол бүтөрүнө күмөнүм бар. Акча бар экен, ишти алдыга жылдырыш керек", - дейт Турускулов.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
12.04.2018. 10:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ошол жол тезирээк бутсо жакшы болот эле. Төө-Ашуу менен каттабай Нарын менен каттамакбыз.
12.04.2018. 11:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Туура айтат сүйлөп эле койбой талапты койгула
12.04.2018. 15:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жогорку Кенештин депуттатары силердин ишинер айыл окмотунун денгеелиндей экени мени ото тынсыздандыратда. Нет каналдарында Кыргыз мамлекетинин коопсуздугу Кытайга болгон карыздарынын айынан кооптуу деген роликтер толтура болуп атат, мамлекеттин коопсуздугун келечекти камсыздаган закондорунар барбы? Карызды толоо, каражат табуу, армия дегенди ким ойлойт? Баары кагаз жузундо, чынында кытай кен байлыктарды алып атат элге айтылбай. Жогорку Кенеш гаи жол копуро жонундо кенеш кылганынар уят, позор.
12.04.2018. 23:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Акча бар болсо анда неге ишти бутурбой журушот дагы эле,буларды Бир козомолдогон бироо барбы,бул жолдун бутушун 4 жылдан бери кутуп атабыз го,тездетпейсинерби?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: