super.kg logo

Улуттук банк валюталар курсун жөнгө салуу үчүн 8 миллиондон ашуун долларды сатты

 

Өлкөдө доллардын наркы жогорулаганына байланыштуу Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы валюта рыногунда интервенция жасады. Бул тууралуу Улуттук банктын расмий өкүлү Аида Карабаева SUPER.KG порталына билдирди.

"Доллардын наркы бир аз көтөрүлгөнүнө байланыштуу Улуттук банк интервенция жасады. Анын алкагында 8 миллион 150 миң доллар сатылды. Сатуулар автоматташтырылган соода системи аркылуу ишке ашырылып, операцияга коммерциялык банктар катышты. Анткени алардын кардарлары кайсы валютага муктаж болсо, ошол акчаны сатып алышат. Улуттук банк валютаны жөнгө салуу үчүн мындай операцияларды жасап турат. Эгерде Кыргыз сомуна суроо-талап жогору болсо, сомго интервенция жасоого мүмкүнчүлүгүбүз бар", - дейт.

Белгилей кетсек, Кыргыз жергесинде 4 күндүн ичинде доллардын Кыргыз сомуна карата наркы 43 тыйынга жогорулаган. Улуттук банктын расмий курсу боюнча 12-апрелге карата 1 доллар 68,67 сомду түзөт. Ал эми акча алмаштыруучу жайларда доллар 70-80 тыйынга көтөрүлгөн. Тактап айтканда, коммерциялык банктар жана акча алмаштыруучу жайлар 1 долларды 69,1-69,15 сомго сатып алып, 69,35-69,4 сомдон сатууда.

Интервенция - кайсы бир өлкөнүн Борбордук, Улуттук банкы же Каржы министрлиги жүргүзүүчү операция. Аталган операция улуттук валютанын тышкы баасын жөнгө салуу үчүн ишке ашырылат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: