"ЭЛДИК КАБАРга" жооп: Чек ара кызматы: "Чек арадагы тактала элек аймакка курулуш иштерин жүргүзүүгө болбойт"
Чек арадагы тактала элек аймакка курулуш иштерин жүргүзүүгө болбойт. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Баткен чек ара башкармалыгынын башчысы Замирбек Мийзаев билдирди.
Эске салсак, "Баткен районунун Чоң-Талаа айылында өкмөт тарабынан берилип, үй салынып жаткан жерге Тажикстандын чек арачылары келип, жумушту токтотууну айтып жатышат" деген билдирүүсүн окурман "Соңку кабар" бөлүмүнүн "Элдик кабар" рубрикасына жөнөткөн.
Бул маселе боюнча, Баткен чек ара башкармалыгынын башчысы Замирбек Мийзаевге кайрылганыбызда, ал бул окуя тууралуу кабары бар экенин айтып, төмөндөгүлөрдү билдирди:
"Ак-Турпак айыл өкмөтүнө караштуу Чоң-Талаа айылына 6-апрель күнү Тажик чек арачылары келип, үй куруп жаткан жергиликтүү тургунга курулуш иштерин токтотуусун талап кылышкан. Эки өлкөнүн чек ара кызматтары кабыл алган келишим боюнча, эки өлкөнүн тактала элек чек ара аймактарында 100 метр аралыкта курулуш иштерин жүргүзүүгө болбойт. Алар ушул макулдашууга таянышкан", - дейт Мийзаев.
Ошондой эле башчынын айтымында, аталган окуя боюнча ошол эле күнү эки тараптуу сүйлөшүүлөр жүрүп, маселе чечилген.
"Биз окуяны угар замат коңшу өлкөлөрдүн чек арачылары менен жолугуп, маселени чечкенбиз. Курулуш иштерине тыюу салынганынын себеби, кийин чек араны тактап жаткан маалда бул курулуштар ар кандай маселелерди жаратышы мүмкүн. Бирок Тажик чек арачылары алгач бул маселе тууралуу бизге айтып, анан биз менен чогуу курулуш болуп жаткан аймакка барышы керек болчу", - деп билдирди башчы.
Мындан сырткары, ал жергиликтүү тургундарга азырынча аталган аймакка курулуш иштерин жүргүзүүгө болбой тургандыгын айыл өкмөтү бир нече жолу эскерткендигин кошумчалады.








1 |