Чаткал районунун мурдагы акимине кылмыш иши козголду
Жалал-Абад облусунун Чаткал райондук прокуратурасы
тарабынан райондун мурдагы акимине жана райондун башка кызматкерлерине карата кылмыш иши козголду. Бул тууралуу бүгүн, 19-июнда Башкы прокуратуранын
басма сөз кызматы билдирет. Маалымат
боюнча, райондун мурдагы акими Т.А., башкы эсепчиси С.Д. кызмат абалдарынан кыянаттык менен
колдонушуп, 2012-жылы республикалык бюджеттен түшкөн 263 700 сомду мыйзамсыз жана максатсыз багытта пайдаланышкан. Ошондой эле райондун акими кызматынан пайдаланып, 2012-жылы 29-декабрда Чаткал райондук администрация фондунун 19
800 сом өлчөмүндөгү каражаттарын өз керектөөлөрүнө жумшаган. Натыйжада мамлекетке 283 500 сом материалдык чыгым келтирилген. Учурда кылмыш иши
боюнча тергөө жүрүп жатат.
Автор: Сапар Акунбеков
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:54
2025-10-01
10:57
2025-10-01

22:19
2025-09-30
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.