super.kg logo

Депутат Мамай айылында чек арачылардын огунан Кыргыз жараны каза болгон жер тилкесине өткөрмө пунктун орнотууну сунуштады

 

"Республика-Ата Журт" фракциясынан депутат Үмбөталы Кыдыралиев "Мамай айылында чек арачылардын огунан Кыргыз жараны каза болгон жер тилкесине тосмолорду тартуу керек" дейт. Бул тууралуу ал бүгүн, 12-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Депутат Мамай айылы аркылуу өткөн Кыргыз-Өзбек чек ара тилкеси такталганы менен, зым тосмолор тартылган эместигин айтты.

"Ушул окуяны карап чыгуу боюнча тапшырма берүүңүздү суранам. 2018-жылы январь айында Ала-Бука районунда да ушуга окшогон окуя болгон. Бул биздин жарандардын тынчтыгы жана өмүрү үчүн маанилүү. Мамлекеттик чек ара кызматы ушул маселе боюнча тийишитүү маалыматтарды алып келсин.

Кандай себептер менен Кыргыз жаранына өз өлкөсүнүн аймагында жүргөн учурда ок чыгарылды? Эгер ал жердеги тилке такталган болсо, эмне үчүн бүгүнкү күнгө чейин тосмолор тартылган эмес? Балким ошол жерге чек ара өткөрмө пунктун орнотуу туура болот?" - деп сунуштады Кыдыралиев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: