super.kg logo
  Спорт  

Топ-Лига-2018: Бүгүн 2-турдун алкагында "Алга" - "Кара-Балта" жана "Нефтчи" - "Илбирс" командаларынын беттеши орун алат

 

Бүгүн, 12-апрелде футбол боюнча Өлкө биринчилиги Топ-Лиганын 2-туру Кочкор-Ата жана Кант шаарларында өтө турган беттештер менен уланат.

"Алга" (Бишкек) - "Кара-Балта" (Кара-Балта)

Кант шаарында бишкектик "Алга" "Кара-Балта" командасын кабыл алат. Беттеш "Борбордук" стадиондо орун алып, аны башкы калыс Нурзат Аскат уулу тейлейт. Беттештин башталышы саат 15:00дө.

1-турда "Алга" командасы "Абдыш-Ата" менен кез келип, 0:0 эсеби менен тең чыккан. "Алга" 1 упайга ээ болуп, турнирдик жадыбалда "Абдыш-Ата" менен 4-орунду бөлүшүп келүүдө. Ал эми "Кара-Балта" командасы 1-турдун алкагында бишкектик "Дордойго" 2:0 эсебинде жеңилип, жадыбалдын аягында жайгашкан.

"Нефтчи" (Кочкор-Ата) - "Илбирс" (Бишкек)

Кочкор-Ата шаарында жергиликтүү "Нефтчи" өз талаасында бишкектик "Илбирсти" кабыл алат. Анда башкы калыс Тимур Файзуллин болот. Беттештин башталышы саат 15:00дө.

1-турда "Нефтчи" командасы оштук "Академия" менен беттешип, 2:0 эсеби менен утуп алган. Бул жыйынтык менен кочкор-аталык команда турнирдик жадыбалда 3-орунду ээлеген. "Илбирс" командасы 1-турда Оштун "Алай" командасына туш келип, 3:1 эсебинде жеңилип калган.

Айта кетсек, Топ-Лиганын 2-туру 15-апрель күнү Кант шаарында "Абдыш-Ата" - "Алай" беттеши менен жыйынтыкталат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: