Депутат Закир Шарапов: "Баткенде жаз келгенде эле чек ара жаңжалдары башталат"
"Баткенде жаз келгенде эле талаа иштери менен кошо чек ара жаңжалдары башталат”, - деди бүгүн, 12-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында "Республика-Ата Журт" фракциясынан депутат Закир Шарапов.
Эл өкүлү чек ара аймагындагы жарандардын, айылдардын тынчтыгы үчүн чек араларды тактап чыгуунун зарылдыгын айтты.
"Биз баарыбыз чек ара аймактарында эмне болуп жатканын көрүп жатабыз. Баткен облусунун Сырт айылында жергиликтүү жашоочулар "Ынтымак" деп коом түзүп, өз күчү менен жолдорго шагыл төшөп, өздөрүнө шарт түзүп жатат. Өкмөт чек ара аймактарына өзгөчө көңүл буруп, техникалык жактан жардам көрсөтсө жакшы болот эле", - деди Шарапов.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(2)
senchi

12.04.2018. 13:47
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсын ушул теманы чечип бергин. Эркек экенсин.
jbolotov

12.04.2018. 16:09
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
senchi,бул теманы президентта чече албайт. Акаев акмак Кыргызстанга армиянын кереги жок десе Кулов баарын металл баасында саткан экенин угуп журобуз. Атамбаев 1млрд $ карыз болуп Россиядан алдык деген аскердик техн калар жалан чатыр менен эски срогу откон ок даары снаряддар экен деген маалымат бар. Авиация бизде 4вертолет экен, калган эски БТР Танк, зениттик С 75 ти азыр дуйнодо эч ким тоготбойт. Булар камалып эл душманы болотурган адамдар!
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.