Баткенде токтоп турган унаадан 600 миң сомду уурдап кеткен деп шектелип, 35 жаштагы Талас облусунун тургуну кармалды

Маалыматка ылайык, окуя 11-февралда саат 19:30дар чамасында Кадамжай шаарында болгон. Анда К.А. аттуу адамдын Кадамжай-Айдаркен унаа жолунун четинде токтоп турган Хонда-Аккорд үлгүсүндөгү унаасынын ичинен 600 миң сомду белгисиз адамдар уурдап кетишкен. Бул окуя боюнча 164-берененин 2-бөлүмү (уурдоо) менен кылмыш иши козголгон. Иликтөө иштеринин жүрүшүндө кылмышка шектүү катары Талас облусунун 35 жаштагы К.Н. аттуу тургуну кармалган. Учурда кылмышка шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө амалдары жүрүп жатат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:51
2025-07-19

13:47
2025-07-18

10:29
2025-07-18
Рейтинг:
0

Аймактык түшүнбөстүк жараткан билдирүүлөрдү калтырууга тыюу салынат! Эскертүү!