Жалал-Абадда эс алуучу жайлардын биринде ок атылды. Окту белгилүү саясатчынын уулу атканы айтылууда
Жалал-Абадда эс алуучу жайлардын биринде ок атылды. Ок чыгарган адам Жалал-Абад облусунан чыккан белгилүү саясатчынын уулу деген сөздөр айтылууда.
Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, окуя 7-апрелге караган түнү "Тянь-Шань" эс алуу борборунун алдында катталган.
"Аталган окуяга шектүү катары Сузак районунун 24 жаштагы Т.Т. аттуу тургуну суракка алынды. Ал сурак учурунда "спирт ичимдиктерин ичкен эмес болчумун. Өзүмдү коргоо максатында ок чыгардым" деп айткан.
Ал ок аткан травматикалык тапанча боюнча толук маалыматты тактадык. Тапанчаны колдонууга уруксаты жана ага тиешелүү документтери бар экени аныкталды. Ага карата Кылмыш-жаза кодексинин 234-беренеси (бейбаштык) менен кылмыш иши козголду", - деп басма сөз кызматынан билдиришти.
Андан сырткары, жабырлануучу катары эс алуучу жайдын администратору арыз менен кайрылганын, бирок 2 күндөн кийин алар тосмо арыз жазып беришкенин да кошумчалашты.
Алардын билдирүүсүнө караганда, Т.Т. аттуу жарандын 2 таанышын эс алуучу жайдын күзөтчүсү кийген кийими талапка жооп бербегендигин айтып киргизбей койгон. Ортодо пикир келишпестик орун алып, шектүү травматикалык тапанчадан асманга ок чыгарган.
кошулду



Эми, таанышын болсо танкасын болуп, атасынын авторитети, аракети менен "куноосуз" болуп чыга келсе мен тан калбаймын.....
Анан калса атасы кечоо шайлоодо 4 саясатчы биригип, анан эркекче берген созунон кайтып, Сокенин этегине жабышып, шайлоодо ошону суроп жургон, ошого эми Сокесине ишенип жатса керек да.
Бул ХХХХХХ ХХХХХ
Турат го суротто баласы "жожо короз" болуп. Трав.пистолетти баласына бироолорду атсын деп алып берди беле?!!
Уялбайбы ХХХХХХХХ
Такталбаган маалыматтарды жазып, кимдир бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирүүгө тыюу салынат!
Кайталап эреже бузгандыгыңыз үчүн 3 күн БАНга! Порталдын эрежелери менен кайрадан таанышып чыгыңыз!
арыз жазып кайра тосмо арыз жазып!!!