super.kg logo
  Саясат  

Азербайжан Кыргызстандын Саламаттыкты сактоо министрлиги менен кызматташууга даяр

 

18-июнда Кыргызстандын саламаттыкты сактоо министри Динара Сагынбаева Азербайжандын Кыргызстандагы элчиси Гидаят Оруджаев менен жолугушту. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Жолугушуу маалында Гидаят Оруджаевди саламаттыкты сактоо жаатындагы эки өлкөнүн  кызматташтык маселелерин кандайча жакшыртуу керектиги кызыктырды. Ал эми Динара Сагынбаева Советтер Союзу таркагандан бери көптөгөн адистер башка өлкөлөрдөгү кесиптештери менен тажрыйба алмаша алышпай же кесиптик даражасын жогорулатуу мүмкүнчүлүгүнөн ажырап калышкандыгын белгилеп, органдардын трансплантологиясын кеңейтүү керектигин билдирди. Керектүү жабдыктардын аз болгондугунан жана кесиптик адистердин жетишсиздигинен бөйрөгү ооруган бейтаптардын талап болгон анализдерин жүргүзүүгө Казакстанга жана кымбат баага аткарылуучу операцияларды алууга башка өлкөлөргө барганга туура келип жаткандыгын айтты. "Биз сиздердин өлкөдө салматтыкты сактоо тармагындагы мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүгө ниеттенүүдөбүз",- деди элчи.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: