super.kg logo

Бишкектеги "Ош базарында" 4 айда 3 ири өрт кырсыгы катталды (хронология)

 
Бишкектеги "Ош базарында" ушул жылдын 4 айында 3 жолу ири өрт кырсыгы катталды. Ар бир жолу өрт жүздөгөн соодагерлерге көптөгөн чыгымдарды алып келди.

Биринчи өрт кырсыгы 30-январда катталып, "Ош базарынын" ичиндеги "Сейтек” жана “Берекет плюс” кичи базарындагы соода орундары өрттөнгөн. Анда тилсиз жоо 3 миң 500 чарчы метр жерди каптаган болчу.

Экинчи өрт 5-мартта катталып, анда да кайрадан “Сейтек” кичи базарын тилсиз жоо каптап, 700 чарчы метр аянты күйүп кеткен.

Ал эми үчүнчү өрт кырсыгы бүгүн, 13-апрелде түнкү саат 03:00дөр чамасында чыккан. Бул жолу "Ош базарынын" ичиндеги "Берекет" соода борбору өрттөнгөн. Алдын ала маалыматтар боюнча, соода борборунун 2 миң 500 чарчы метр аянтын өрт жалмаган.

Бир базарда 4 айдын ичинде 3 ири өрт кырсыгынын катталуусунун кокустук эмес экени да айтылууда. Мындан улам кайра-кайра катталган өрт кырсыктарын алдын албаган жооптуу органдарга, базар жетекчилигине көп суроолор туулат.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
13.04.2018. 12:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудай сактасынчы
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: