super.kg logo

УКМК: "Ошто ортомчу ишканаларга мыйзамсыз 228 миллион сомдон ашык каражат которулган фактысы аныкталып, кылмыш иши козголду"

 

Ош облусунда ортомчу ишканаларга мыйзамсыз 228 миллион сомдон ашык каражат которулгандыгы аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Турак жай-жарандык курулуш департаментинин Ош облустук капиталдык курулуш башкармалыгында мамлекеттик сатып алууларды мыйзамсыз жүргүзүү жана келишим түзүү фактысы аныкталган.

"2017-жылы Ош облустук капиталдык курулуш башкармалыгы Кара-Суу районунун Ачы конушунда жана Араван районунун Кең-Сай конушунда объектилерди куруу иштерин жүргүзүүдө ачык соода жүргүзгөн эмес. "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарын бузуу менен бир катар келишимдерди түзүшкөн. Бул келишимдердин негизинде капиталдык курулуш башкармалыгынын кызмат адамдарына тиешеси бар ортомчу ишканаларга 228 миллион сомдон ашык каражат мыйзамсыз которулгандыгы аныкталды", - деп айтылат маалыматта.

Топтолгон материалдардын негизинде Ош облустук прокуратурасы 304-берененин 3-бөлүмү (кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) жана 306-берененин 2-бөлүмү (Кыргыз Республикасынын кызыкчылыктарына каршы контракт түзүү, мамлекеттик сатып алууну жүзөгө ашыруу) менен кылмыш ишин козгогон. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
13.04.2018. 12:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Козгоду кылмыш иш деп кала береви бироо жарым камалавы 228млн.сом оной акчавы атан гору.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: