super.kg logo

ӨКМ: "Жалал-Абаддын базарындагы өрттү өчүрүүдө бир нече кыйынчылыктарга кабылдык"

 

Жалал-Абад шаарындагы борбордук базарда түн ичинде чыккан өрт толугу менен өчүрүлдү. Учурда Жалал-Абад шаардык Жарандык коргонуу комиссиясы жеринде келтирилген чыгымдарды тактап жатат. Бул тууралуу SUPER.KG порталына ӨКМнын Жалал-Абад облусундагы башкармалыгынын башчысы Абдишарип Бекилов билдирди.

Анын айтуусуна караганда, өрттүн келип чыгуу себеби учурда такталууда.

"Өрт толугу менен саат 06:27де өчүрүлдү. Өрттү өчүрүүдө бригада көптөгөн кыйынчылыктарга кабылды. Анда соода түйүндөрү жолду тосуп алышкан. Борбордук базардын дарбазасын ача албай кармалып калышты. Андан сырткары электр зымдарын кырккыча да көп убакыт кетти. Өрт учурунда ар бир секунд маанилүү", - дейт жетекчи.

Ошондой эле ал аталган өрттү өчүрүүгө атайын 6 техника тартылганын билдирди. "Өрт өчүрүүчү унааларда суу жок, эл чакалап суу ташып өчүрдү деген маалымат чындыкка дал келбейт. Анткени өрт түнү катталып жатса, базарда эч ким болгон эмес. Соодагерлер эртең менен жумушка келип, унаалардагы суунун жоктугун өрт өчүрүлгөндөн кийин көрүп жатышат", - деп кошумчалады ал.

Эске салсак, бүгүн, 13-апрелде Жалал-Абад шаарынын борбордук базарында өрт чыкканы кабарланган. Анда негизинен борбордук базардын "Эт сатылуучу павильону", "Ташкент катары" жана "Жер-жемиш сатылуучу" бөлүктөрү күйгөнү маалымдалууда. Аталган өрт кырсыгынын күбөсү SUPER.KG порталына "Өрт өчүрүүчү унааларда суу жок, эл чака менен суу ташып өрттү өчүрүп жатат" деп билдирген эле.






Жалал-Абадда борбордук базардан өрт чыкты

Жалал-Абаддын борбордук базары өрттөн кийин

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -4 
Комментарийлер(5)
13.04.2018. 17:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
ОКМканын тоскоолдуктар боюнча айтканы чын, базарга орт очуруучу машиналардын кируусу ото кыйын... Бирок бул иш качан гана орт орун алганда эсинерге келдиби?!! ОКМ мэрия менен чогуу давным давно ойлонуп, чара коро турган иш болуучу, базардын ичиндеги пооходдорду кенейтип...

Эми эмнеге арызданып жатат ОКМ?!! Орт оз убагында очурулбогону учун ОКМ менен шаарлык мэрия, базар администрациясына да чара коруп, жазалоо керек.....
13.04.2018. 18:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жалал абаддын базарларына мен билгенден эки уч кун алдын эле орт очуруучулор кирип текшерилген эле. Бул жерде адамдар оздору куноолу. Себеби месталарын оз билемдик кылып чонойтуп жолго чейин товар жайып алышат. Эскертуу берсе бир эки кун жыйнашат да кайра эле баштагыл акыбалына келтирип алышат.
13.04.2018. 19:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эмнэ болду ? Бишкекте ,Жалал Абад шаарында базарларда өрт..?!Бирөөлөр уюштургандай...?
13.04.2018. 20:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Окунучтуу
13.04.2018. 22:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ова бироо эле кылып жатат 3 жолу совпадение болбойтко
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: