super.kg logo

11 жылдан бери баласын күткөн 83 жаштагы эне: "Өлдү деген кат келди, сөөгү келген жок. Катка ишенбей күтүп жүрөм"

 

Токторбай АриковОш облусунун Араван районуна караштуу Гүлбар айылынын тургуну, 1979-жылдын 27-октябрында туулган Ариков Токторбай Кулиевич 2007-жылы жумушка орношуу максатында Бишкекке кеткен бойдон дайынсыз. Бул тууралуу анын небере келини Элзира Союзбек кызы SUPER.KG порталына кабарлады.

"Эң таң калычтуусу - 2015-жылы Токторбай Ариковду өлдү деген кара кагаз келген. Бирок анын кайда көмүлгөнүн билбейбиз", - деди Союзбек кызы.

Дайынсыз болуп жаткан Токторбай Ариковдун 83 жаштагы апасы Шакар Арикова аны өлдү деген катка ишенбейт.

"Айыл өкмөткө ошондой кагаз келген экен, мага алып келип беришти. Балам эмне болуп өлдү, кайсы жерде өлүп, кайда көмүлдү белгисиз. Сөөгүн өз көзүң менен көрбөсөң ишенбейт экенсиң, жазда күтөм, күздө күтөм, ар бир күнүм баламды күтүү менен өтөт. Жолго машина токтоп калса балам келди го деп чуркап чыгам, айтор мага келип калчудай боло берет. Ошол кара кагаз келгенден кийин Араван райондук сотунда иш каралган. Ага улуу кызым барып жүрдү, бирок кийин сот шаардыкка өттү. Ошол бойдон жыйынтык деле чыкпай калды", - деди Ариковдун апасы.

Союзбек кызынын айтымында, мындан 11 жыл мурун таекесин айылдаштарынын бири иш таап берем деп Бишкекке алып кеткен.

"Таекемдин кат сабаты жоюлган эмес болчу. Иш таап берем деп алып кеткен киши 4-5 кыргыз баланы кошуп Казакстанга кулчулукка таштап кеткен экен. Агамдын жанындагы шериктери качып, кайра кайтып келишкен. Таекемден болсо ошол бойдон дайын жок. Таенебиз үмүтүн үзбөй ушунча жыл күттү, жөн эле уулуңар өлүп калды дегендин өзү туура эмес. Ошол катты таенем жоготуп алыптыр, биз кат аркылуу издештирели дегенбиз. Таенем азыркы учурда ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген кызы менен чогуу турат, дагы бир уулу Орусияда. Биз эгер чын эле өлгөн болсо, эмне болуп өлгөнүн, сөөгү кайда коюлганын билгибиз келет. Тиешелүү тараптар таенеме баласынын чын дайынын иликтеп бериши керек", - дейт Союзбек кызы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(7)
16.04.2018. 09:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+25
Эне жүрөгү ушундай кантсин эми!!!!
16.04.2018. 10:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+24
Эне сиз куткондой баланыз келип калсын
16.04.2018. 10:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
Байкуш эне((
16.04.2018. 10:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+20
Бул Кабарды мен чыгардым эле,супер Инфо силерге рахматымы айта кетейин?тайнебизге ото эле кыйын болууда кунсайын эмес минута сайын жол карайт,козумун тируусундо ошол балам келип калса неберелерими коруп калсам арманым жок эле деп кооп айтат?эчкимге билдирбей ыйлап журуп козунун жашыда кургап калыптыр,энеге мындан откон кандай азап бар?коз алдында жаркылдап чыгып кетсе кайтып келбесе качан келип калат экен деген умут менен жашайтда?
16.04.2018. 11:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Главное кат Ким тарабынан жазылган кантип келген ошол алып кеткен киши каякта ошону жоопко тартып керек
16.04.2018. 11:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Журогум ий журогум,ыйлап жибердиго эне байкушту элестетип.Алып кеткен адамды жана бирге барган адамдар кайсыл жерден качкан ошону такташ керек!!! Каап жаман болуптур катты жоготуп койгону ошол боюнча да издештирсе жакшы болмок эле
16.04.2018. 11:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Баланыз тируу болуп бир куну неберелеринизди жетелеп барып калышса экен.Умутунузду узбой кайраттуу болунуз.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: