super.kg logo

Бишкектин мэри Албек Ибраимов борбор калаадагы оңдоо иштери жүрүп жаткан жолдорду текшерди

 

Бүгүн, 13-апрелде Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов борбор калаадагы оңдоо иштери жүрүп жаткан жолдорду текшерди. Ал мэриянын тийиштүү кызматкерлери менен Эркиндик бульварына, Тыныстанов, Токтогул жана Москва көчөлөрүнө барды. Шаар башчынын айтымында 2018-жылы 100 көчөгө оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүү пландалган, бул көчөлөр жалпы 136 чакырымды түзөт. Азыркы тапта оңдоо иштери жүрүп жаткан кээ бир көчөлөр 1-июнда эксплуатацияга берилмекчи.

Эркиндик бульвары

Эркиндик бульварында Линейный көчөсүнөн Чүй кең көчөсүнө чейинки аралыкта оңдоо иштери жүрүп жатат. Оңдоло турган жолдун жалпы узундугу 1 чакырым 400 метрди түзсө, туурасы чыгыш тарабындагы жолдо 12 метр, батышында 9 метр. Оңдоо иштери март айында башталып, 15-октябрга чейин улана турганы айтылууда.

Албек Ибраимовдун айтымында, шаардын мэриясы Эркиндик бульварынын бир тарабын унаалар үчүн жаап, жөө жүргүнчүлөргө ылайыкташтыруу боюнча долбоорду кароодо.

"Эркиндик бульварында бир тарабын калтырып, экинчисин жөө жүргүнчүлөргө ылайык кылып жасап жана ал жакка ар түрдүү тематикалык эс алуу аймактарын куруу боюнча долбоорду коомдук талкууга чыгарганы жатабыз. Эгерде коом бул долбоорго макул болсо, биз аны ишке ашырабыз", - деди ал.

Ошондой эле шаар башчысы жолдордун сапаты жана кепилдиги тууралуу айтып берди.

"Бүгүнкү күндө жолдордун сапатын текшерген атайын мекемелер бар, ошондой эле оңдоо иштери бүткөн соң, бул жолдордун кепилдүү мөөнөтү бар. Ал мөөнөттүн ичинде жасалган иштердин кемчиликтери аныкталса, аны подрядчик өзүнүн эсебинен оңдоп чыгат. Бул жолдордун кепилдик мөөнөтү 3 жылды түзөт", - дейт Албек Ибраимов.

Тыныстанов көчөсү

Тыныстанов көчөсүндө Линейный көчөсүнөн Жибек Жолу кең көчөсүнө чейинки аралык оңдолуп жатат. Оңдолуп жаткан жолдун узундугу 2 чакырым, 271 метрди түзөт. Жолдун туурасы 8 метр болуп, жолдун 2 тарабынан 3,5-5,5 метрди түзгөн унаа токтотуучу жай жасалмакчы. Оңдоо иштери 2017-жылы башталып, 2018-жылдын 30-августуна чейин уланмакчы.

Шаар башчынын айтымында, аталган көчөдө оңдоо иштерин жүргүзүүгө 279 бакты кыюуга аргасыз болгон.

"Учурда Тыныстанов көчөсүндө оңдоо иштеринин жүрүшүндө 78 чоң бактын көчөтү отургузулду жана оңдоо иштери бүткөнгө чейин дагы бактар тигилет. Жалпы 2018-жылы 8 миң жалбырактуу чоң дарактын көчөтүн жана 13 миң жабык тамырдуу ийне жалбырактуу дарактарды отургузуу пландалган", - дейт Албек Ибраимов.

Москва көчөсү

Москва көчөсүндө 1 чакырым аралыкта, Сүйүнбаев көчөсүнөн баштап Абдрахманов көчөсүнө чейин оңдоо иштери жүрүүдө. Жолдун туурасы 14 метрди түзмөкчү. Азыркы тапта эски асфальтты кырып, бордюрларды орнотуу боюнча иштери жүрүүдө.

Капиталдык курулуш башкармалыгынын жетекчиси Нурлан Эшенбаев Москва көчөсүндө эски асфальтты фрезердик ыкма менен сыйрып, жаңы 2 кабат асфальт төшөлүп жатканын айтты.

Токтогул көчөсү

Токтогул көчөсүндө жаңы жол куруу иштери Гоголь көчөсүнөн баштап Айтматов көчөсүнө чейинки аралыкта жүргүзүлүүдө. Жол куруу иштери жүрүп жаткан участоктун узундугу 630 метрди түзсө, туурасы 11,5-15 метрди түзөт. Ошондой эле Аламүдүн суусуна көпүрө курулууда. Анын узундугу 53 метрди түзсө, туурасы 15 метрге барабар.

Чоң Чүй каналынан өтө турган көпүрө

Орозбеков көчөсүндө Чоң Чүй каналынан өтө турган көпүрө курулууда. Анын туурасы 14,5 метрге жетип, узундугу 48 метрди түзмөкчү.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(11)
13.04.2018. 17:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Мээр базарга бардыбы? Элдин жагдайын сурадыбы?
13.04.2018. 17:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Эмне болду, ситуацияны коруп кой мени да кетирбесин деп ХХХХХХХХХХХ иштей баштады окшойт
Модератор admin_media түзөттү 2018-04-13 17:48:42
13.04.2018. 17:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Акыркы убактарды бут баардык чиновниктер кочого чыгып иштей баштады. Себеби былк этпей отурган чиновниктердик креслолорун президент кыйчылдата баштады.
13.04.2018. 17:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
кыйылган гана банктарды көрүп жүрөм кайра отургузулган бактарды көрө элекмин буйруса 2-3 күндө сүрөттөрүнда жөнөтөм. жолдор бүтүп иштетүүгө берилгенине 1-2 жыл болуп калса да бактар отургузула элек бактар шаарда толтура
13.04.2018. 17:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
ондолуп жаткан эле эмес, ондолуп буткон жолдорду да бир коруп койсо болмок эле, куздо колдонууга берилген Токтоналиева кочосунун тратуарынын плиталары омкорулуп,жаш балдар чалына турган кооптуу абалда... кайран гана кеткен акчалар...
13.04.2018. 17:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Жолдун баарын жаап салып шаардагы тыгынды айтпагыла. Мурун 30 мунотто жетчу жерине Кудай жол берсе 1-2 саатта жетип каласын. 50 жолду бир маалда 5 айга жаап салып, ар бирине 3 кишини, 2 техниканы салып койгондон коро, 5 жолду жаап, 30 дан киши, 20 дан техника коюп койсо 10 кундо бутчу иш го! Калп эле эл "иштеп жатат" дешсин деген популизмди жоюш учун Албек Ибраимовдун оордуна акылдуу, стратегиялык план тузо билген шаар жетекчисин дайындаса Президенттин кадыры эл арасында мындан да арт
13.04.2018. 17:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
tram-lam,Жибек Жолу кочосунун жабылганына 1 ай болду, кундо кором 3 тон киши иштеп жатканын
13.04.2018. 18:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Мэр срочно кетсин жана Ош базардагы орт боюнча номер 1 Кылымышка шектуу катары кармалсын. Сурака алынсын.
13.04.2018. 19:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
namys,
Туура!
Кемероводогу орт боюнча акими Аман Тулеев да жумуштан кетти. Кайдыгерликтин кесепети.
13.04.2018. 21:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жолду ойлогон эч ким жокго мындай боло берсе 1 жылдан бутотго
13.04.2018. 23:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Сенсация жаратыптыр го?!? Мердин бир нерсе текшергенин биринчи жолу окушум, капырай коздорумо ишенбей турам... Сокенин XXXX тие электе бир результат корсотуп калайын деди окшойт
Модератор admin_superstan түзөттү 2018-04-15 21:07:16
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: