super.kg logo

ЭЛДИК КАБАР: "Бишкектеги Малдыбаев көчөсүндө күздө токтотулган оңдоо иштери жазда улантылган жок"

 

"Бишкек шаарындагы Малдыбаев көчөсүнүн Ахунбаев көчөсүнөн Түштүк магистралга чейинки бөлүгүндө өткөн жылдын күз айларына чейин оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлүп жаткан. Бирок суук түшүп кеткендигине байланыштуу жумуш токтотулган", - деп жазды окурман "Элдик кабарга".

Анын билдирүүсүнө ылайык, жаздын 2-айынын өтүп бара жатканына карабастан бул көчөнүн бүтпөй калган тротуарларын оңдоо улантылган жок.

"Эл күн ысыганда чаңдан, жаан жааганда баткактан жүдөп кыйналып жатат. Эмне үчүн оңдоо иштери башталган көчөлөрдү аягына чыгарбай, башка көчөлөрдү оңдоп-түздөөгө өтүштү? Же калганын эл өзү жасап алсын деген мамилеби?" - деп жазды окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.






 


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
13.04.2018. 17:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бул малдыбаев көчөсү башка шаардын мэриясынын балансында окшойт эмне үчүн Бишкек шаардык мэрия көңүл бурбайт
13.04.2018. 20:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менда ушул нерсени ойлонуп жургөм
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: