super.kg logo

Telegram тиркемеси Орусия аймагында иштебей калды, эми Кыргыздар ал жактагы колдонуучулар менен байланыш түзө албайт

 

Белгилүү Telegram тиркемеси Орусия аймагында иштебей калды. Бул тууралуу орусиялык жалпыга маалымдоо каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Таган райондук соту Орусиянын көзөмөл комитетинин дооматын канааттандырып, Telegram тиркемесин Орусия аймагында колдонууга тыюу салды.

Эске салсак, буга чейин Орусиянын федералдык коопсуздук кызматы аталган мессенжердин колдонуучулары тууралуу маалыматты алууга жана алардын билдирүүлөрүн окуу үчүн Павел Дуровдон жашыруун ачкычтарды талап кылган. Бирок мессенжердин негиздөөчүсү бул талаптарды аткаруудан баш тартып, мындай иш-аракеттер Конституцияга карама-каршы келерин билдирген.

6-апрелде Орусиянын көзөмөл комитети Москванын Таган райондук сотуна Telegram`ды Орусиянын аймагында колдонууга тыюу салуу талабы менен кайрылып, бүгүн, 13-апрелде соттун чечими чыкты.

Муну менен Telegram тиркемеси Орусияда иштебей калды, бирок бул тыюу салуу Кыргыз өлкөсүнө таасирин тийгизбейт. Анткени менен тиркеменин Кыргыз колдонуучулары Орусиядагы колдонуучулар менен байланыш түзө албай калышат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(9)
13.04.2018. 18:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Орустардын наглыйлыгы да. Бироонун жеке каттарын окууга эч кимдин укугу жок чындыгында. Кичине нерсеге өчөшүп телеграмды тосмолоп салып.
13.04.2018. 18:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
aIways-here,ФСБ ача албай өчүн жабуу менен алабыз деп жатышат окшойт да!
Павел Дуров баары бир эч кимге эч нерсе бербейт ко!
Бирок, эң коопсуз эң сонун мессенджер.
Канал ачып акча тапсаң болот.
Вконтакте экөө жагат мага башка социалдык сайттарга окшоп бурмаланбаган, ирэжти менен жакшына функциялар менен түзүлгөн!
13.04.2018. 19:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Bekboloooot, Ооба мага да жагат.
13.04.2018. 19:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азыр деле иштеп жатат,эртеңден жабылабы же бир аз туруппу аны убакыт көргөзөт?!
13.04.2018. 20:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакынкы кундору фейсбук менен ватсап дагы россиянын аймагында иштебей калат.Себеби жогоркуда айтылгандай эле.
13.04.2018. 23:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
33SUUN, андай болушу кыйынга турат.
Телеграммды ача албай калышты да ошону үчүн жабууда
13.04.2018. 21:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менде иштеп жатат го
14.04.2018. 06:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы эле иштеп жатат telegram
14.04.2018. 22:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Иштебейт дедиби иштебейт да! Окурмандар ушунуңар эле жаман да иштеп жататко андайго мындай го! Телеграмма иштебей жатат.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: