super.kg logo

"Ош базарында" 3-жолу чыккан өрт толугу менен өчүрүлдү

 

"Ош базарында" 3-жолу чыккан өрт толугу менен өчүрүлдү. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

"13-апрелде Ош базарында саат 03:00 чамасында чыккан өрт, 19:45те толугу менен өчүрүлдү. Өрттүн кесепетинен болжол менен жалпы аянты 5 миң 400 чарчы метрди түзгөн соода түйүндөрү күйүп кеткени аныкталды. Учурда келтирилген чыгымдар жана өрттүн себеби такталууда", - деди басма сөз катчы.

Айта кетсек, буга чейин өрттөн базардын 2 миң 500 чарчы метри күйүп кеткени айтылган. Аны өчүрүү үчүн 14 атайын унаа, 96 өрт өчүрүүчү, 1 куткаруучулар бригадасы тартылган. Ошондой эле 2 суу ташуучу унаа жана "Түндүк электр" ААК Батыш РЭСтен 2 бригада, 1 "Тез жардам" унаасы жана тартип сакчылары иш алып барган.

Эске салсак, бүгүн, 13-апрелде "Ош базарынан" 3-ирет өрт чыккан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
14.04.2018. 07:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Толук очурулду дегиле куйо турган эч нерсеси калбасын,очот да.Келбей эле очурбой койсо деле ушу маалга чейин очмок куйуп бутуп.Жок дегенде бир болугун алып калса болмок да
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: