super.kg logo

Токмоктогу депутат андан эки киши мандатын тапшырууну талап кылышты деп арызданды

 

Токмок шаардык кеңешинин депутатынан эки киши мандатын тапшырууну талап кылышкан. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.

"Токмок шаардык кеңешине 1963-жылы туулган С.Л. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Арызда 23-март күнү болжол менен саат 10:00 чамасында Чүй облусунда жайгашкан клиникасына У.С. жана К.К. аттуу эки жаран келип, депутаттык мандатын алуусун талап кылышкан.

Бул окуя боюнча Токмок ШИИБи алгачкы иш-аракеттерди жүргүзгөн. Анын жыйынтыгында арыз менен кайрылган жаран эч кимге эч кандай нааразычылыгы жок экенин билдирген. Мындан улам Токмок ШИИБи 13-апрель күнү чогулган маалыматтардын негизинде кылмыш ишин козгоодон баш тартуу чечимин чыгарды", - деп билдирди басма сөз кызматы.

Айрым маалыматтар боюнча, мандатты тапшырууну талап кылган жарандар Жогорку Кеңештин "Кыргызстан" фракциясынан депутат Урматбек Самаев жана Токмок шаардык кеңешинин "Кыргызстан" фракциясынан депутат Кубанычбек Кочкорбаев экени айтылууда. Ал эми арызды аталган шаардык кеңешинин депутаты Сулейман Лажаров ("Кыргызстан") жазган.

Урматбек Самаев SUPER.KG порталына окуя тууралуу буларды билдирди. "Сулейман Лажаров менен мамилебиз жакшы. Андай арыз да түшкөн эмес. Мындай нерселер болбошу керек эле", - деди Самаев.

Ал эми Жогорку Кеңештеги "Кыргызстан" фракциясынын лидери Алмазбек Баатырбеков SUPER.KG'ге арыз жазган жаран жаңылыштык менен жазып алганын билдирди.

"Эч кандай мындай окуя болгон эмес. Арыз жазган жаран жаңылыштык менен жазып алдым деп кайра арызын кайтарып алганын билем. Менин билишимче, мындай маселе жаралган эмес", - деди Баатырбеков.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
14.04.2018. 15:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Эл силерди шайласа бизди коргойт деп стлер журосунор садиктеги балага окшоп мени антип койду деп.
14.04.2018. 15:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Алмаз Батырбеков оозу мурдун кыйшайбай жанылыштык деп жатасын да, тооба. Жон эле комментарий бербей эле койгонунда мындай пастык оюн билинбей калмак
15.04.2018. 09:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
эмне жазууну билбейби 1чи класстын окуучусубу вот у нас чиновники билими кандай адашып
15.04.2018. 09:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
ушинтип эле оздорунун денгээлин корсотуп алышат. Же элди кок мээ ойлошобу булар. Кантип эле депутат болгон неме адашат? же жинди деген документи барбы анын?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: