super.kg logo

Сирияга каршы соккудан каза болгондор жок

 

Сирияга каршы ракеталык соккудан каза болгондор жок. Бул тууралуу сириялык армиянын башкармалыгына таянып чет өлкөлүк басылмалар жазышууда.

"Сирия аймагына болгон соккулар материалдык чыгымдарга гана алып келди" деп айтылат армиянын билдирүүсүндө. Сирия АКШнын, Улуу Британиянын жана Франциянын соккусун эл аралык укукту бузуу деп атап, террорчулар менен күрөшүүнү улантарын баса белгиледи.

Орусиянын Коргоо министрлигинин маалыматы боюнча, Сирияга карата 100дөн ашуун ракета коё берилди, алардын бир тобу сириялык абадан коргонуу системи тарабынан атып түшүрүлдү.

Айта кетсек, бүгүн, 14-апрелде АКШ, Улуу Британия жана Франция "Сириянын өкмөтү химиялык куралды колдонууда" деп сокку уруу боюнча операцияны башташты. Сирия химиялык курал колдонбогонун айтууда.

Орусия аталган операцияны сынга алды. "Сирия согушсуз келечекке мүмкүнчүлүк алганда анын борбор калаасына сокку урулду", - деген пикирин Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мария Захарова билдирди. Анын ою боюнча, Сирияга каршы соккунун артында дүйнөдө моралдык лидерликти эңсеп жаткандар турат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Комментарийлер(16)
14.04.2018. 12:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Чыда Сирия чыда сен күчтүүсүң
14.04.2018. 13:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Иран менен Россия өчүп калдыбы жардам бербей
14.04.2018. 13:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-7
Супер Инфо силерда Россиянын пропагандасынан чыгып дуйнолук маалыматтардан укканынарды билдирсенер жакшы болмок. АКШ кантип эле Сириянын окмоттук кучторуно сокку уруп эч ким каза болбосун. Бул Россиянын жомогу
14.04.2018. 19:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
jbolotov,эмне каза болгондор болушун кааладын беле?АКШнын маалыматы боюнча каза болгондор канча экен?
14.04.2018. 13:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Россиянын маалыматына ишенбегиле. Алар барып эле тынчтык орнотуп жаткандай корсото берет. Сирия дуйнолук державалар бири биринин кучун корсото турган олкого айланды. Жонокой сирия эли гана азап тартып отурат. Афганистандын да тагдыры ушул (( Иракда да ушул эле корунуш.
14.04.2018. 13:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Сириядан Россия чыгып кетсе эле болду согуш токтомок. Иран Асадды колдогон себеби, Сирия аркылуу Ливанга хезболла уюмуна курал жарак жонотот. Россия Асадды колдогон себеби, кокус батышчыл бийлик келип калса, Россиянын ал чөлкөмдө таасири жоголот. Ошого Россия жан үрөп Асадды колдоп жатат.
14.04.2018. 13:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Тынчтык эле болсунчу Америка менен россия согуша турган болсо бизде тынчтык болот деп эч ким кепилдик бере албайт Россияны коргоо учун биздеги жигиттердин баары согушка жонотулот жер жузу эле жок болуп кетбесе угушумча бир канча атомный бомба жарылса жер оз нугунан чыгып кетет деп айтышат кудай сактасын
14.04.2018. 15:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Djumahmatov,азыр андай заман эмес азыр адамдар эмес компьютерлер ишти кылат.
Бир кнопка баарын чечет
14.04.2018. 13:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
100дон ашуун ракета коё берсе элестен эч кимге тийбесе ишенген жокмун
14.04.2018. 14:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
zhykyo, Украина Орт, Рентв, Ртр, Нтв каналдарын жаап салышкан орустардын зомби пропаганда каналдарын, бизде дагы эле корушот жада калса СМИ лерибиз нейтралдуу маалымат берет алышпайт. Кремль пил мн бегамот учту карагыла десе Ктрден жа башка кыргыз ММКларынан пил мн бегамот учту деп угасын.Оз алдынча окушпайт же изилдешпейт. Россия бизге туура эмес маалыматтарды беришет. Ал жакта такыр башка жагдай бирок Россия озулору айтмакчы дуйнону сактоочу Супермен канчалаган тынч аймакты бомбалашты
AKCAHAT түзөттү 2018-04-14 14:11:49
14.04.2018. 14:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эки доо чабышса, ортодо кара чымын кырылат, деген ошол да.
14.04.2018. 15:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Куйоом экообуз талаша берип ушу теманы...Сирияга жалкоо
14.04.2018. 15:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эч ким каза болбогону жакшы. Бирок Россия ото эле эркелеп талтандап кетти. Америка сур корсотуп турганы бир жагынан кээде туура.
14.04.2018. 16:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ливия, иран, афганистан ушуга окшогон мамлеккеттерде американын айынан дагы деле согуш токтобой келет америка баскан жерге чоп чыкпайт, американын тизгинин тартуу керек эки жуздуулордун
shergazy9 түзөттү 2018-04-14 16:50:08
16.04.2018. 03:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Сирии молодец Элин коргой алгыдай атып тушурду Элге зыяны тийген жок Америка мактаган ракеталарын жолдо калдыго Аллах жазанарды ОЗУ берсин шакалдар
16.04.2018. 06:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Рустардын с400-300 Лары коп ишке жарады Ассад дагы противо ракетный жаны ракеталарын орнотуп алса туруштук берет Трамптын тамагавкаларына
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: