super.kg logo

Түптө катуу ылдамдыкта бара жаткан унаа оодарылып бир адам каза болду

 

Түп районунда жол кырсыгы катталып, бир адам каза болуп, 2 адам ооруканага жеткирилди. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 14-апрель күнү болжол менен саат 15:30 чамасында Ысык-Көл облусунун Түп районунда Toyota Avensis үлгүсүндөгү унаа катуу ылдамдык менен жолдон чыгып, оодарылып кеткен. Кырсыктан улам 24 жаштагы Күрмөнтү айылынын тургуну каза болуп, айдоочу жана бир жүргүнчү жаран аймактык ооруканага жеткирилген.

"Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын инспекторлор катуу ылдамдыкта бараткан Toyota Avensis автоунаасын байкашкан. Айдоочу инспекторлордун "машинаны токтот" деген буйругуна баш ийген эмес. Милиция атайын маякты күйгүзүп, алардын артынан кууган. Болжол менен 800 метрден кийин айдоочу рулду башкара албай, жолдон чыгып, оодарылып кеткен", - деп билдирет басма сөз кызматынан.

Кырсыктан улам С.Б. аттуу Күрмөнтү айылынын 24 жаштагы тургуну каза болгон.

"Жол кырсыгы катталгандан кийин жабыркагандардын жакындарынан 20дай киши келип, Жол коопсуздугунун камсыздоо башкармалыгынын 2 кызматкерлерин сабап кетишкен. Мындан улам алар ар түрдүү жаракаттарды алышып, ооруканага жеткирилген. Учурда катталган жол кырсыгы боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 341-беренеси (бийлик өкүлдөрүнө карата зомбулук көрсөтүү) менен кылмыш иши козголду. Учурда бул боюнча териштирүү иштери жүргүзүлүүдө", - деп билдирет басма сөз кызматы.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(15)
15.04.2018. 12:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-9
Токтобосо ошондой болот.Аллах рахмат кылсын
15.04.2018. 12:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-7
Коркунучтуу кылмышкер бар экенин байкалбаса артынан кууганга укугу жок! Какой то % МАИ кызматкерлери да күнөлүү
15.04.2018. 13:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
a.sheralievic.91,чон эле адам экенсин, 91 жылкы мышлениян кичкий баладай экен. Каттуу ылдамдыкта бара жаткан машинаны тоссо, токтобосо артынан куйт. Любой эле адамды, кылмышкер тут не причем.
15.04.2018. 15:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
aman0296,сен кайсыл жерден кордун токтобогон машинени артынан кууш керек деген законду?Законду бузган МАИ кызматкерлери камалсын!
15.04.2018. 15:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
aman0296, балакай сен эмне билесиң?
Катуу ылдамдыкта кууганга укугу жок!
Сага окшогон өз укугун билбегендер
ГАИшниктерди жемкор кылат, токтотсо эле
Акча берип, кууса жалынып жалбарып
15.04.2018. 15:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
aman0296, катуу ылдамдыкта токтобой өтсө
Кийинки постко кабар бериш керек УМНИК
16.04.2018. 08:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
aman0296, сен жаман акылдуу экенсиң кайрат кыргыз эмессиңби случайно. Билип ал катуу ылдамдыкта кууганга закон жок акысы да жок болчу. Авария болуп кетиши же бирөөнү сүзүп алышы мүмкүн качып баратып.
16.04.2018. 15:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
aman0296,чоңдун баласы болсо куубайт!
15.04.2018. 13:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Кече бизде катуу жер титиреди.
Бирок бир да жаңылыкта айтылбады.
Супер инфого кирсем,бул жакта деле жок го?
15.04.2018. 14:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Mihrimah,кыргызстандабы
15.04.2018. 15:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Гаи кызматкерлери кунолуу экен элдин айтымында. Калк айтса калп айтпайт деген соз эске тушту. Акча сындыралы деп кууган да акмактар.
16.04.2018. 12:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мисалы бир машина бир адамды сүзүп качып баратат дейли. Катуу ылдамдыкта баратат. милиция катуу баратат деп карап турабы же артынан тушуш керекпи кийинки постко да баш ийбей өтүп жатса. Качкан адам шашпай айдап качпайт да ийзин жашырыш үчүн болгон ылдамдыкты кармайт да.
16.04.2018. 12:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мындай учурда не кылыш керек?
16.04.2018. 15:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кийинки постко кабар бериши керек эле. Өздөрү оодарылып кетсе же адамдар жолго чыга калса эмне болмок! Номерин билип алса таап алмак. Ошон үчүн жолго камера койуш керек! Кууп нормально акча алабыз деген го!
17.04.2018. 03:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ошо мыйзам боюнча.Кийинки постко кабар берет,кийинки поско да токтобойт...качан изин жашырып кеткенден кийин издемай,убарекерчилик,машинаны тапса айдоочусу белгисиз...
жакшысы токтобогонду артанан тушуп эскертууго токтобосо донголокко ок чыгаруу керек.
ошондо гана гаишникке токтобой койгондор азаят деп ойлойм
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: