super.kg logo

Путин АКШнын Сирияга жасаган соккусу эмнеге жеткириши мүмкүн экенин айтты

 

Орусиянын президенти Владимир Путин БУУнун уставын бузуу менен Сирияга карата сокку эл аралык мамилелердеги башаламандыкка жеткириши мүмкүн экенин эскертти. Бул тууралуу ал Ирандын президенти Хасан Рухани менен телефон аркылуу сүйлөшкөндө айтканын орусиялык басылмалары жазып чыгышты.

"Сүйлөшүү иран тараптын сунушу менен өткөрүлдү. Эки өлкөнүн башчылары АКШнын жана анын тарапташ 2 өлкөнүн Сирияга карата жасаган соккусунан кийинки кырдаал жөнүндө сүйлөштү. Анда "Сириядагы саясий кырдаал жөнгө салынып жаткан учурда жасалган чабуул кайрадан чоң зыянга учуратып жатат" деп белгилешти президенттер", - деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле Путин менен Рухани жакынкы чыгыш аймактарындагы кырдаалды, анын ичинде Йемендеги абалды талкууга алышты. Андан сырткары эки тарап келечектеги өз ара кызматташууну өнүктүрүүгө кызыкдар экенин билгилешти.

Эске салсак, 14-апрелде АКШнын президенти Дональд Трамп "Сириянын өкмөтү химиялык курал колдонду" деп Сириянын аймагына сокку урууга буйрук берген. АКШ, Улуу Британия жана Франция Сириянын аймагына карата ракеталык сокку урган. Сириянын башкы штабынын маалыматына ылайык, батыш коалициясы жарандык жана аскерий объектилерге 110 ракета чыгарган. Алардын көпчүлүгү атып түшүрүлүп, 3 жаран жабыр тартканы маалымдалган. Батыш коалициясынын соккусун Орусиянын президенти Владимир Путин "Террорчулук менен күрөшүп жаткан көз карандысыз өлкөгө карата баскынчылык аракети" деп баалаган. АКШнын президенти Дональд Трамп Сирияга карата батыш коалициясынын соккусун жогорку деңгээлде өттү деп баалаган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(12)
16.04.2018. 14:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Пуке брат бир нерсе кыл еми а то Трап авам кооп баратат.
16.04.2018. 14:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Beks.Kasymov,пуке эмес ушунчалык айткың келсе Вова брат деп эле кой!
16.04.2018. 14:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Beks.Kasymov,кооп бараткан жок !!!Тууганым орустардын саясаты туура эмес !!!мен озум Россмяда жашайм!
16.04.2018. 15:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
daniel87,ушул Россия болуп дуйнодо бир аз да болсо стабильность болуп атат эмесе АКШ деген ХХХХХХ союзниктети менен дуйнону басып алып каалагандай калчамак. пример толтура Вьетнам,Ливия,Ирак,Египет, Югославия, Ирак менен Ирандын соогушундагы эки жуздулугу!Самоли,Куба, санап келсен толтура!АКШнын айынан миллиондогон адамдар олуп кетти дагы канчасы олот.бирок оз мамлекетин жакшы карайт жашоо денгели жогору.
Модератор admin_media түзөттү 2018-04-16 15:28:55
16.04.2018. 15:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
TalaCSKA, Сен айткан олколор жалаң Россиянын союздаштары экен. Орус бар жерде дайым согуш болуп келген. Орустар илгертен экономикасын согушуп журуп толтуруп келген, Европадай болуп мээси эмгеги мн эмес
16.04.2018. 15:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Россия бирди коротго акыры. Биринчи дуйнолук согушта кантип женилгенин, экинчи дуйнолукто Америка Англия Франциянын жардамында аран Германияны женгенин унутуп калган окшойт. Англия менен Франция болбогондо Гитлер бизди басмак оной эле.
16.04.2018. 16:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
traveler, TalaCSKA, nemo2016,
Жеке айтышуулар үчүн купуя кат бар! Билдирүүлөр өчүрүлдү!
16.04.2018. 15:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Билип белбей ар нерсени дооруй бергенден эмне пайда тынчылык эле болсунчу
16.04.2018. 15:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Биз өзүбүздүн камыбызды көрөлүчү туугандар
16.04.2018. 15:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
90 жылдардан баштап саламаттыкты сактоо, ооруканаларды абактарды, каралбай калган коп нерселерди, мектеп, копуро ж.б нерселер Америка ПРООНдун эсебинен курулуп камсыздалып атат, Россия берген акчасын колколоп Кыргызстандан коп нерсени алып койду, Атамбаевди пайдаланып.
16.04.2018. 16:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Эвропа не силерге алтын берип атабы эвропаны коргойсунарго Рассияда канча мекендештерибиз иштеп атат кайра мактабайсынарбы американын сайасаты бул башынан ушундай бузукулар ливия иракты талкалады жакшы жашап аткан элди Рассия алга калганын бир алланын колундабыз
16.04.2018. 17:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Путин мн Трамп Тим эле пайгамбар болуп алышкандайго надоел кылышты!!!
Brokg89 түзөттү 2018-04-16 17:27:59
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: