super.kg logo
  Саясат  

Бүгүн Жогорку Кеңештин үч комитети өкмөттүн отчётун угат

 

Бүгүн, 16-апрелде Жогорку Кеңештин үч комитети өкмөттүн отчётун карайт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитети, Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча комитети, Бюджет жана финансы боюнча комитети өкмөттүн 2017-жылдагы аткарган иштери боюнча отчётун карамакчы.

Белгилей кетсек, өткөн жумада өкмөттүн отчётун Жогорку Кеңештеги оппозициялык "Республика-Ата Журт" жана "Өнүгүү-Прогресс" фракциясы угуудан баш тарткан. Буга премьер-министр Сапар Исаковдун жыйынга келбей калышы себеп болгон. Ал эми КСДП жана "Кыргызстан" фракциялары буга чейин өкмөттүн отчётун "канааттандырарлык" деп тапкан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: