super.kg logo
  Саясат  

ЖЫЛНААМА, 16-АПРЕЛЬ: Жогорку Кеңештин депутаты Карамат Орозова 60 жашка толду

 

Жогорку Кеңештин депутаты Карамат Орозова 1958-жылы 16-апрелде Баткен районунун Баткен айылында төрөлгөн. Ал 1979-жылы Ош мамлекеттик институтун аяктап, физика жана математика боюнча адистикке ээ болгон. 1989-жылы Алматыдагы партиялык жогорку окуу жайында окуган.

Эмгек жолун 1979 -жылы Баткен айылындагы Ленин атындагы орто мектепте мугалим болуп иштөөдөн баштаган.

- 1980-1985-жылдары Баткен райондук комсомол комитетинин алгач үчүнчү, кийин биринчи катчысы;

- 1985-1987-жылдары аталган райондун Советтик Кыргызстан совхозунун партиялык комитетинин катчысы;

- 1987-1989-жылдары Алматыдагы жогорку партиялык окуу жайынын угуучусу;

- 1989-1991-жылдары Баткен райком партиясынын уюштуруу бөлүмүнүн башчысы;

- 1991-1995-жылдары Советтик Кыргызстан совхозунун идеологиялык маселелер боюнча директорунун орун басары;

- 1995-1999-жылдары Баткен районундагы "Теремок" бала бакчасынын башчысы;

- 1999-2000-жылдары Баткен районунун маданият бөлүмүнүн башчысы;

- 2001-2010-жылдары "Демократия жана жарандык коом үчүн" бейөкмөт уюмунун Баткен облусундагы аймактык өкүлү;

- 2010-жылы Жогорку Кеңештин депутаты;

- 2010-жылы Баткен облустук мамлекеттик администрациясынын башчысынын милдетин аткаруучу;

- 2010-жылы Социалдык камсыздоо боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун милдетин аткаруучу;

- 2011-жылы өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары;

- 2015-жылдын 4-октябрында КСДП партиясынын тизмеси боюнча Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын депутаты болуп шайланган.

16-апрелге карата жылнаама.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: