super.kg logo

Түптө жол кырсыгынан кийин сабалган эки милиция кызматкери ИИМдин госпиталында дарыланууда

 

Түп районунда адам өмүрүн алган жол кырсыгында сабалган Жол коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн эки кызматкери ИИМдин госпиталында дарыланууда. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБинин басма сөз кызматынан SUPER.KG порталына билдирди.

"Окуяда 14-апрель күнү катуу ылдамдыкта келе жаткан Toyota Avensis үлгүсүндөгү унаа жол көзөмөлдөөчүлөргө токтобой кеткен. Мындан улам унаа болжол менен 600-700 метрден кийин жол кырсыгына учураган. Кырсык болгондон кийин протокол толтуруп жаткан учурда жабыркагандардын жакындары Жол коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн 31 жаштагы тескөөчүсү А.Н. жана 28 жаштагы кенже тескөөчүсү А.С. аттуу кызматкерлерин сабашкан. Учурда алар Ички иштер министрлигинин госпиталында дарыгерлердин көзөмөлүндө дарыланууда, абалдары туруктуу. Алар баш мээсинен жаракат алышкан. Бул боюнча кылмыш иши козголуп, тийиштүү экспертизалар дайындалып, тергөө иштери жүргүзүлүүдө. Ал эми кырсыктан жаракат алган жарандардын бири облустук, бири райондук ооруканада дарыланууда", - деп билдирди басма сөз кызматынан.

Эске салсак, Түп районунда 14-апрель күнү Toyota Avensis үлгүсүндөгү унаа катуу ылдамдык менен жолдон чыгып оодарылып кетип, бир адам каза болуп, эки жаран ооруканага жеткирилген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
16.04.2018. 15:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кечее эле ЖККкызматкерлери кууганда качам деген жаш бала авария болуп кетти деп жаздынар элего?
16.04.2018. 15:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Күнодон качыш керек да айыл же шаар ичинен куганга болбойт да булар купбара жатканда кырсык болду да
16.04.2018. 16:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Кубалабаганда кол куушуруп олтура бериш керек беле . закон барыбызга бирдей МАИ токто дедиби токто болбосо оз ажалын оз колунда.ойлонуп туура чечим чыгаргыла
16.04.2018. 16:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Айылда шаарда кууганга мыйзам тыйуу салза анда эмне суу самырга же тоо ашууга чыгарып алып кубалаш керек экенда э
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: