super.kg logo

"ЭЛДИК КАБАРга" жооп: "Жүргүнчүлөрдү ташыган маршруттук таксинин айдоочусун сабагандар кармала элек"

 

2-апрелде маршруттук таксилер иш таштаган учурда жүргүнчүлөрдү ташыган маршруттук таксинин айдоочусун сабагандар кармала элек. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Алардын айтуусуна караганда, маршруттук таксинин айдоочусун сабагандар менен иш таштоону уюштургандардын үстүндө териштирүү иштери жүрүп жатат.

Буга чейин 2-апрелде "Соңку кабар" бөлүмүнүн "ЭЛДИК КАБАР" рубрикасына окурман "Элге жардам бергиси келип үйүнө бара жаткан жолдо адамдарды салып алган айдоочуну башка айдоочулар токтотуп алышып коркутуп, сабап жатышат" деген билдирүүсүн жөнөткөн.

Эске салсак, 2-апрелде Бишкек шаарында эл ташыган маршруттук унаалардын айдоочулары иш ташташкан. Мындан улам борбор калаанын көчөлөрүндө жол тыгындары жаралган. Ал эми маршруттук таксилердин эскертүүсүз иш ташташына коомчулук нааразычылыгын билдиришкен.

Маршруттук таксилердин айдоочулары иш таштоо жөн эле жерден жарала калган абал эмес экенин айтып, бийлик өкүлдөрүнө нааразычылыктары менен бир катар талаптарын билдиришкен. Ал эми мэриядан маршруттук такси айдоочуларынын жана эл ташуучу фирма-ишканалардын коюп жаткан талаптары аткарылбай турганын билдиришкен.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(1)
16.04.2018. 16:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сабаса бейкапар суротко тартканча барып жардам берип же милиция чакырбайт беле ошол жерден эле. Табылбай калды го уже алар. Милициялар деле ошолорду издээринен кумонум бар.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: