super.kg logo

КСДП: "Фарид Ниязов КСДПнын саясий кеңешинде кала берет"

 

Фарид Ниязов КСДП партиясындагы ишмердүүлүгүн токтотпойт. Бул тууралуу SUPER.KG'ге аталган партиянын катчылыгынан кабарлашты.

Маалым болгондой, Ниязов партиянын төрагасынын орун басарлыгынан кеткени менен саясий кеңештин курамынан чыгарылбайт.

"Апрель" деген кайрымдуулук фонд буга чейин эле Юстиция министрлигинен каттоодон өтүп, Фарид Ниязов ага аткаруучу директору болуп дайындалган. Бүгүн же эртең расмий маалымат тараталы деп жаткан болчубуз, бирок төрага Алмазбек Атамбаев депутаттар менен болгон жолугушууда маалымдады. Ал эми ал кишини "саясий кеңештин курамынан чыгарылат" деген маалымат чындыкка жатпайт. Анткени Ниязов партиянын саясий кеңешинин курамында жана төраганын кеңешчиси болуп кала берет", - деп билдиришти партиядан.

Партиянын катчылыгы "Апрель" фонду 2002-жылы Аксы окуясында жана 2010-жылы Апрель окуясында жабыр тарткан жарандарга колдоо көрсөтүү максатында түзүлгөнүн кошумчалады.

Белгилей кетсек, мурдагы президент, КСДП партиясынын төрагасы Алмазбек Атамбаев 16-апрелде Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын депутаттары менен "Ала-Арча" резиденциясында жолугушуу өткөрдү. Жолугушуу бир жарым саатка созулуп, анда Атамбаев партиянын төрагасы катары өз программасы менен тааныштырып, өлкөдө болуп жаткан саясий кырдаал боюнча пикирин билдирди. Жыйындан кийин депутат Рыскелди Момбеков Алмазбек Атамбаевдин сөзүнө таянып, Фарид Ниязов партиянын төрагасынын орун басарлыгынан кетип жатканын билдирген.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(7)
16.04.2018. 16:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
СДПК бар эле болгула
17.04.2018. 17:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ermekbai,жок болсун! ашадан баштап мискенбайга чейин
16.04.2018. 17:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Фондду кобунчо налогдон качып байлыгын бекиткендер тузот дешчу эле. Атамбайыптын фондун жетектейт экен да
16.04.2018. 17:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Томондо резиденцияга Кожобек Рыспаев,Жылдыз Мусабековалар кирип кетти деп жазылып турат.
Ал эми жогоруда жыйынга келгендердин жарыяланган тизмесинде алар келген жок болуп журот.кандай тушунсо болот.
16.04.2018. 17:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Июнь коогалаңында каза болгондорго да кайрымдуулук фонд түзүп жардам берсеңер жакшы болмок
16.04.2018. 20:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ошо Фаридти жаман хит кылдынарда,чын чыныга келгенде Атамбаев аныда тааныбай коюшу мумкун.
17.04.2018. 10:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
rruslan88, Куйо баласын кантип тааныбай койсун
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: