super.kg logo

"Терминатор" тасмасына Арнольд Шварценеггердин ордуна ким тартыла турганы белгилүү болду

 

Гэбриел Луна"Терминатор" тасмасынын 6-бөлүгүндө Арнольд Шварценеггердин ордуна ким тартыла турганы белгилүү болду. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Белгилүү болгондой, тасманын режиссёру Тим Миллер "Терминатор" тасмасынын жаңы бөлүгүнө 35 жаштагы актёр Гэбриел Лунаны тарта турганын билдирген. Тасма 2018-жылдын жай айларында тартыла баштайт. Тасманын сценарийи азырынча сыр бойдон калууда. Ал эми анын бет ачары 2019-жылдын 22-ноябрына болжолдонгон.

Маалыматка ылайык, "Терминатор" тасмасынын алтынчы бөлүгүн тартуу иштери ушул жылдын март айында башталмак, бирок белгисиз себептерден улам жай айларынын башына жылдырылган. Тасманын режиссёру - Тим Миллер, продюсери - Жеймс Кэмерон. Жогоруда аталган тасманын 1-2-бөлүктөрү 1984-1991-жылдары тартылып, дүйнө жүзүндө болуп көрбөгөндөй популярдуулукка ээ болгон.

Эскерте кетсек, башында аталган тасмада башкы ролду Шварценеггер өзү жаратары маалым болгон, бирок кийин ал жүрөгүнөн операция болуп, тасмага тартыла албай тургандыгын кино жаратуучуларга билдирген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
16.04.2018. 20:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
главный рольдо Темир авам ойновосо кызыгы жок
16.04.2018. 21:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Терминаторду Арнольд болгон учун корчу эмес белек...Биз эми кантер экенбиииз...
16.04.2018. 23:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Бул актёр сериалдарга же мелодраммага катыша турган экенго, тусунон боевик терминатор болалбайтко.
17.04.2018. 21:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ошо менен токтотушса болмок да.Жакшынакай кинонун баркын кетирбей. Арнольд жок кызыксыз болуп кплат го.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: