super.kg logo

Президенттик аппарат: "Сапат" окуу жайлары жабылбайт. Дагы бир түрк билим берүү мекемеси ачылат"

 

Кыргыз өлкөсүндөгү "Сапат" билим берүү мекемелери жабылбайт. Дагы бир Түрк билим берүү мекемеси ачылат. Бул тууралуу 16-апрелде президент Сооронбай Жээнбековдун Түркия мамлекетине болгон иш сапары тууралуу маалымат жыйында президенттин аппаратынын тышкы иштер саясатынын башчысы Данияр Сыдыков айтты.

"Сапат" билим берүү мекемелери жабылбайт. Анткени бул окуу жайлар Кыргыз өлкөсүнүн жана Билим берүү министрлигинин мыйзамдарына ылайык иштейт. Тескерисинче, дагы бир түркиялык "Мариф" деген окуу жайды ачууну Түркия мамлекети сунуштаган. Алардын сунушу боюнча учурда сүйлөшүүлөр жүрүп жатат", - дейт Сыдыков.

Мындан сырткары ал Кыргыз жергесинде 3-ирет орун алуучу Көчмөндөр оюнуна Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган үй-бүлөсү менен келери күтүлүп жатканын кошумчалады.

Президент Сооронбай Жээнбековдун кийинки иш сапары май айынын орто ченинде Орусиянын Сочи шаарына болот. Ал эми июнь айында Кытайга мамлекеттик иш сапары менен бара турганы белгилүү болду.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -3 
Комментарийлер(2)
17.04.2018. 08:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Кунсерепти сонун жазасынар, менин оюмду окуп алгандай)))
17.04.2018. 14:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бардык жак эле турк менен кытай басып атат дагы 20 жылда кор болот окшойбуз.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: