super.kg logo

"Мен жол эрежесин бузган эмесмин" дейт Түптөгү жол кырсыгына кабылган унаанын айдоочусу

 

Түп районунда катталган жол кырсыгындагы Toyota Avensis унаасынын айдоочусу Максат Жанышбек уулу адам өмүрүн алган кырсык тууралуу SUPER.KG порталына айтып берди.

"Классташ балам үйлөнүп, Түп районунда жүргөнбүз. Ошол күнү түш чендерде райондон тамактанып алып, айылыбыз Күрмөнтүгө 5 бала болуп келе жатканбыз. Унаанын рулун мен башкарып келе жаткам. Түп районундагы постто жол коопсуздугун камсыздаган башкармалыктын кызматкерлери турган, бирок алар бизди токтоткон жок. Мен унааны уруксат берилген ылдамдыкта гана айдап келе жаткам. Качан гана Балбай айылына кирип баратканыбызда аркабыздан алардын келе жатканын көрдүк. Анан биздин артыбыздан келип кыса баштады. Мен "эмнеге посттон тоспосо, эреже бузбасам биздин артыбыздан келе жатышат" деп ойлондум. Болгону жол эрежени бузбаганымды принцип кылып, токтобой айдап кете бердим. Себеби мен эреже бузган жокмун. Ал жерде биз катуу ылдамдыкта унааны айдап өткөн эмеспиз. Артыбыздан "токтогула" деген жол коопсуздугунун кызматкерлери тарабынан эскертүү берилген эмес. Балбай айылынын кире беришинде кооптуу дөң бар. Ошол жактан өткөндө эле унаа секирип, башкаруусун жоготту. Анан бир аз өткөндө эле бурулуштан унаа ала салып кетти. Андан аркысы эсимде жок", - деп билдирди Жанышбек уулу.

"Учурда Түп районунун ооруканасында экөөбүз дарыланып жатабыз. Башыбыздан, бөйрөгүбүздөн жаракат алыптырбыз. Ал эми дагы бир дос балабыз облустук ооруканада дарыланууда. Анын абалы оор болуп жатат. Кабыргалары жана буту сыныптыр деп айтышты. Каза болгон дос балабызды бүгүн жерге беришти. Кырсык болгондон кийин биз тарап менен милиция кызматкерлеринин ортосунда чыккан уруш боюнча азырынча маалыматыбыз жок", - деди ал.

Эске салсак, Түп районунда 14-апрель күнү Toyota Avensis үлгүсүндөгү унаа катуу ылдамдык менен жолдон чыгып оодарылып кетип, бир адам каза болуп, үч жаран ооруканага жеткирилген. Кырсык катталгандан кийин жабыркагандардын жакындарынан 20дай киши келип, Жол коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын 2 кызматкерин сабап кетишкен. Мындан улам алар ооруканага жеткирилип, бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 341-беренеси (бийлик өкүлдөрүнө карата зомбулук көрсөтүү) менен кылмыш иши козголгон. Учурда эки милиция кызматкери ИИМдин госпиталында дарыланууда.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(11)
16.04.2018. 19:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ошондо ким кунолуу? Жол эрежесин бузбаган болсон принципиально эле токтотуп суйлошуш керек болчу да. Отуп кеткен балдардын жаткан жери жайлуу болсун
16.04.2018. 20:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Айткандары чындыкка окшошпойт, куноо айдоочуда экен, бирок гаилердин да куноосу токтобой кеткен айдоочуну кубалабай кийинки посттогуларга маалымат бериш керек болчу, кээде ушунтип кубалашып баратып башкаларга да зыянын тийгизген учурда болот, жол эрежесин бузуптур эми жазасын алсын.
16.04.2018. 20:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Чындыка коошпойт. Калктуу аймакта ылдамдыкты 40км/саат ылдамдык менен айдап бара жатканда кооптуу дөңсөдөн да мындай акыбалга туш болмок эмес. Унаанын кебетеси эле пйтып турат анын катуу келгенин.
16.04.2018. 20:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
ГАИ кызматкерлери кубалаганга болбойт деп токтобой кетип калгандар азыркы учурда коп болуп кетти. Эгер акырын эле кетип баратса токтоп ГАИлерден эмнеге кубалап келгенин сурап андан ары жолун улантыша берсе болот болчу да. Озулору копкон балдар болсо керек опколору колунда, эгер ГАИ кубалаганга болбойт деп эрежени бузуп кете берген болбойт.
Башка олколордо эреже бузгандарды кубалап Токио ушат
16.04.2018. 20:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жай эле бараткан машина эмнеге башкаруусун жоготмок эле. Жөн эле актанган сөзү да. Азыркы жаш айдоочулар такыр жол эрежесин сакташпайт.
16.04.2018. 20:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Балбайдын кире беришиндеги трамплинден секиришсе белгилуу эле болуп турат катуу ылдамдыкта кетип баратышканы. ГАИлердин мындай учурда машинасында видео регистратор болуш керек.
16.04.2018. 21:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ченеп да калп айтпаптыр бул бала.. Эмнеси болсо да айыгып кет эми, каза болгон баланын бейишин берсин да, топурагы торко болсун.. Бир өмүрдүн кыйылышына жардам берипсиң да...
16.04.2018. 22:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айдоочу алдар косонун небересине окшоп суйлопсун.Тойдо болсон тоюп алгансын анан качкансын
16.04.2018. 23:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
100% пайыз күнөлүүсүң досуң үйлөнсө акшыңдап айдагансыңда
17.04.2018. 00:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
5,6 бала машинада, тойдон кайтткан, милиция артынан кубалады. Тушунуктуу да. 100% айдоочу куноолуу. Озулорун Стейтхем сезип алды да опколорун колдоруна кармап. Жактан жери жайлуу болуп, ыйманы саламат болсун.
17.04.2018. 08:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жай келе жаткан машина мынча ала салбайт да, куноо шоопурда экен да.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: