Топ-Лига-2018: 3-турдун алгачкы күнүндө "Илбирс" "Академияны" 3:1 эсебинде жеңип алды

Бүгүн, 16-апрелде Жалал-Абад шаарында футбол боюнча Өлкө биринчилиги Топ-Лиганын 3-туру старт алды. Анда Оштун "Академия" командасы менен бишкектик "Илбирс" кездешти.
"Курманбек" стадионунда орун алган беттеште "Илбирс" командасы 3:1 эсебинде жеңишке жетти. Алгачкы таймда командалар таамай боло алышкан жок. 68-мүнөттө "Илбирстин" оюнчусу Гүлжигит Бөрүбаев эсеп санын ачса, 85-мүнөттө эсепти 2:0 кылып кетти.
Гол өткөрүп жиберген "Академиянын" оюнчулары 85-мүнөттө топту тез арада оюнга киргизип, Сардар Соибовдун күчү менен эсепти 2:1ге айлантты. 94-мүнөттө Бөрүбаев 3-голун киргизип, командасына жеңиш алып келди. Бул жеңиш менен "Илбирс" командасы алгачкы 3 упайына ээ болсо, "Академия" упайсыз калды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.