Бишкекте жүк ташуучу унаа 2 кызды сүзүп, алар каза болушту



16-апрелде Бишкек шаарындагы Учкун кичи районундагы Ауэзов көчөсү менен түндүк тарапка бара жаткан КамАЗ автоунаасы 2 кызды сүзүп кетти. Бул тууралуу Жол коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, окуя 16-апрелде саат 18:00дө болгон. Анда 60 жаштагы айдоочу өзүнүн КамАЗ унаасы менен 20 жана 25 жаштагы азиат түспөлүндөгү 2 кызды жөө жүргүнчүлөр өтүүчү жолдон cүзүп кеткен. Кыздар окуя болгон жерден жан берген.
Учурда тийиштүү маалыматтар ИИМдин тергөө бөлүмүнө жөнөтүлүп, окуянын чоо-жайы иликтенүүдө.
кошулду
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:33
2025-07-17
Рейтинг:
0

1.Түптө унаа оодарылып бир адам каза болду.2. Таласта 10-класстын окуучусун унаа сүзүп каза болду.3. Кочкордо жөө жүргүнчү каза болуп, айдоочу ооруканада.4. Бишкекте 19 жаштагы кызды сүзүп тебелеп кетишти. Кырылып калмай болдук го
Не болуп атат авария олум
Пешеходду карап белгиге коз салчы жок дегендее...
Жанылык окуштан коркуп калдым