super.kg logo

ЭЛДИК КАБАР: Ош шаарынын тургундары заводдун түтүнү ден соолукка терс таасир берет деп кооптонушууда

 

"Ош шаарындагы Курманжан датка көчөсү менен Навои көчөсүнүн кесилишине жакын жерде завод жайгашкан. Угушубузча, ал жерде желим буюмдарды чыгарышат экен. Эртеден кечке заводдон кара түтүн чыгып турат. Жакын жайгашкан үйлөрдүн жашоочулары резина жыттанган түтүн менен дем алып калдык", - деп жазылат "Элдик кабарга" келген катта.

Окурмандын айтымында, аталган мекеменин иштеп жатканына бир жылга жакындап калды.

"Заводго жакын жашаган тургундар анын ээси менен жолугуу үчүн барып жолуга албадык. Бул боюнча шаардык мэрияга да кайрылганбыз. Ар дайым кара түтүн менен дем алуу биздин саламаттыгыбызга терс таасир берет", - деген ал.

 

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.






 


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(11)
17.04.2018. 09:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Эми аран иштеп жаткан заводту да жаптырып салгыла. Завод фабрика болбосо кайдан онугобуз. Желим ботолколорду элден сатып алып кайра иштетип жатат. Кыргызстандын абасын булгайт деп эч нерсе салбай бут баарын импорттоп отура берели, орусиядан кул болуп иштеп тапкан акчага.
17.04.2018. 09:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Jigit.1982,ошол жытты бир күн эле жыттасаңар, ушинтип жазганыңарды көрөт элем. Андай зыяндуу жыт чыккан заводду шаар четине куруш керек. Биз ошол базарда иштейбиз. Кантип ошол түтүнгө, жытка чыдап отурабыз.
18.04.2018. 10:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Jigit.1982,Туура чукулай берсек онукпойбуз бирок баары мыйзамдын жолунда болгон жакшы да завод фабрикалар учун атайын зона бар ошол жерден каалашынча ондуро берсин.
17.04.2018. 09:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Эки күндөн бери базарга барып, маршруттан түшөөр замат күйгөн резинанын жыты мурдуңа жармашып, дем алуу кыйындап калды. Бирөөнүн резина заводу деп эл ууланышы керекпи? Андай заводдорду шаар сыртына, эл жок жерге куруш керек. Бир жылдан бери иштеп жаткан болсо эмне үчүн жытын эми сезип атабыз? Жытына чыдаш өтө кыйын
17.04.2018. 10:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Мындай заводдорду эл жашабаган,шаардын четине салыш керек.
17.04.2018. 10:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Туура ошол жактан отуп калсан дем алалбайсын анын жанында борбордук базар бар эл эн коп ошол жакта журот жаптырыш керек элге зыяны тийип атат
17.04.2018. 10:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Оштук туугандар койгулачы айланайын.Мунунар Ак-Ордодогу банядан чыккан тутунго жетпейт экен.Жон эле ызылдай бересинерби.Кара тутун десе ТЭЦ ти элестетип кетиптирмин.
17.04.2018. 11:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Дуйнодо чоң шаарларда бут заводдор иштеп жатат. Ушинтип чукуй берсенер каяктан онугосунор? Али уюлдук операторлордун станциясын зыян деп чыгасынар, али башканы. Шаарда канчалаган автолор тутун чыгарып атат, аларды корбойсунорбу эмне? Азыр адамдар только озун ойлошот, башкаларды же мамлекетти эмес.
17.04.2018. 11:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул асманга чыгарат экен тутунун, жерге эмес. ТЭЦти да жаптырып алгыла анда, ал мындан 100эсе абаны коп булгайт.
17.04.2018. 11:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
тутунду фильтрлеп чыгарат эле го негизи заводдордо.
17.04.2018. 17:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бүгүн жыттанбай эле калды. Буга чейин деле жыттанчу эмес. 1-2 күн аябай жыттанды, жытына чыдагыс болуп. Ошондон улам эл чыкты. Фильтри бузулган окшойт анда ошондо.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: