super.kg logo

ЭЛДИК КАБАР: "Бишкектин борбордук эле бөлүгүндө такыр асфальтталбаган көчө бар" дейт окурман

 

Бишкек шаарынын Шевченко-Жибек-Жолунан Шевченко-Мичурин көчөлөрүндөгү бөлүктө абал аябай начар. Бул тууралуу окурман билдирип, сүрөттөрү менен бөлүштү.

Анын айтымында, бул көчө бир да жолу асфальтталган эмес.

"Күзүндө жана жазында баса албайсың саз, жайкысын укмуш чаң. Мэрияга бир нече жолуп кайрылып, жооп ала алган жокпуз. Көчө караңгы, ушул көлчүктөрдү баскан улгайган адамдарга да оор болду.

Ал эми Жибек-Жолу-Шевченко көчөлөрүнүн кесилишинде кароосуз үй тургандыктан бул жерге шаардын ар тарабынан таштандыларды ыргытып кетишет. Көчө шаардын борборунда, таштанды ыргытылган жер абдан жаман көрүнөт. Түнкүсүн жолдо жарыктар жок болгондуктан бир нече жолу адамдарды тоноо болгон", - деп жазган окурман билдирүүсүндө.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.






 


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
17.04.2018. 08:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул жакшы эле экен баялинованы тоголок молдонун махатма ганди көчөсүнө чейинки бөлүгүн айтпайсыңарбы яма болуп жөрмөлөп жүрө турган болуп калган
17.04.2018. 13:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
bek.94, ХХХХХХХХХ Ушул кочодо жашаган улгайгандар кантип басып журушот десен. Онгул, донгул баткакта жыгылып травма алып эле журушот да.
Жок дегенде жарык коюп коюшпайбы, кечинде зоокурлор ушундай кочолордо арак ичип, киши тоноп эле атышат.
Модератор admin_media түзөттү 2018-04-17 15:10:40
17.04.2018. 11:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Азыр шаарда чондор жашаган кочолор эле асфальтанып калбадыбы. Эми мындай кочолорду мэрия кормоксон эле болуп коет. Карангы кочону байкашпайт да алар жарык коймок тугул
17.04.2018. 14:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мындай көчө шаарда толтура
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: