super.kg logo

Кытайда балдар алдын ала өздөрүнө мүрзөгө орун камдашууда

 

Кытайдын Хубэй провинциясында балдар өздөрү үчүн алдын ала мүрзөгө орун сатып алышууда. Бул тууралуу кытай басылмалары жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, учурда 80 миңге жакын мүрзө үчүн орундар тирүү адамдарга сатып алынган.

"Учурда тирүү адамдар өздөрүнүн мүрзөсүн камдоо максатында жерди алдын ала сатып алышууда. Аталган аймактын 78 миңдей жашоочусунун 95 пайызы, айрыкча 60 жаштан жогоркулары өздөрүнө мүрзөгө орун сатып алып, камдап коюшкан. Мүрзөсүн алдын ала даярдагандардын арасында 10 жаштан төмөн курактагы балдар да катталган", - деп жазылат маалыматта.

Ошондой эле маалыматта мүрзөгө берилген талаада орун калбай, унаа жолунун четине чейин чыгып кеткени кошумчаланат.

"Алдын ала сатып алынган бейиттерге көпчүлүгүнүн аты-жөнү жазылган. Андан сырткары ээсинин туулгандыгы жөнүндө маалымат да камтылган", - деп жазылат басылмада.

Алдын ала бейитке орун сатып алуунун негизги себепчиси - жергиликтүү салт. Салт боюнча адам 30 жашка чыкканда мүрзө үчүн орунду алдын ала даярдап коёт. Бирок аталган салтка жашоочулар ар кандай пикирлерин билдирип келишкен. Кытайдын "Weibo Chenxi" аттуу социалдык баракчасында бир жашоочу "Жер - бул коомдук ресурс жана мындай көрүнүш менен күрөшүү керек" деген оюн билдирген. Өз кезегинде ага "Ар бир жаран жер тилкесин сатып алууга укуктуу. Сатып алгандан кийин аны каалагандай пайдаланууга акылуу" деп жооп беришкен.

 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -5 
Комментарийлер(6)
17.04.2018. 10:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Бара бара мурзолору да этажка болуп курулса керек.
17.04.2018. 11:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
al-abu-kinesz,этаж мурзолор азыр да бар ,тайландда болсо к.к эле инеттен коруп тан калган.жердин тартыштыгынан Адамар олгон туугандарынын денесин ар кандай жол и н комгон,аскаларга табыттарын асып койгону, бар
17.04.2018. 18:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
al-abu-kinesz,Мексикада Индонезияда Туштук Америка олколордун до бар

17.04.2018. 10:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Оло албай жатып, ан казышып.
17.04.2018. 11:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Тообо кыла турган заман болуп калды
17.04.2018. 21:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тынар айтмакчы тикесинен көмө турган кылыш керек экен, жер тартыш болсо. Башын чыгарып койсоң даяр эстелик деген интермедиясы бар го, өллө ыкшыгам укканда
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: