super.kg logo

Арменияда экс-президенттин премьерликке келүү ниети элдик толкундоолорго алып келди

 
Серж Саргсян

Арменияда төрт күндөн бери элдик толкундоолор уланууда. Нааразычылыкка чыккандар экс-президент Серж Саргсяндын бийлик башына кайра келишине каршы болууда. Кечээ, 16-апрелде митингге чыккандар Еревандагы жолдорду, метролордун кире беришин жана айрым көпүрөлөрдү тосушкан. Ал эми айрымдары парламент имаратына кирүүгө аракет кылышканда полиция менен кагылышып, жаракат алышты.

Бул элдик толкундоолорго карабай Армения парламентиндеги эки фракция мурдагы президенттин талапкерлигин премьер-министрликке көрсөттү. Парламентте добуш берүү бүгүн, 17-апрелде болору күтүлүүдө.

Айта кетсек, Арменияда 2015-жылы өзгөртүлгөн Конституцияга ылайык, өлкө жарым-жартылай президенттик башкаруудан парламенттик башкарууга өтүп, премьер-министрдин ыйгарым укуктары күчөтүлүп, өлкөдөгү биринчи кишиге айланган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
17.04.2018. 10:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Биздин экс приздентибизда ойлонсо ушуларды коруп
17.04.2018. 10:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
АША, кордунбу не болот?
17.04.2018. 10:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
АШАны колдогондор коп. Буйурса Соке экоо ынтымактуу болсо эле, тынч болот. Сокенин таянары СДПК.
17.04.2018. 11:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
С.Ш.Жээнбеков элге таяныш керек партия бул бир топтогу адамдардын саясаты
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: