super.kg logo
  Спорт  

Кыргыз дзюдочулар Кытайда өтө турган Гран-При мелдешине катышат

 

Кыргыз дзюдочулар Кытайдын Хух-Хото шаарында 25-27-май аралыгында өтө турган "Hohhot Grand Prix 2018" мелдешине катышат.

Аталган мелдеште 20 өлкөдөн 124 спортчунун катышуусу күтүлүүдө. Кыргыз өлкөсүнөн мелдешке 6 спортчу барып медалдар үчүн күч сынашмакчы. Алардын ичинде ири мелдештердин жеңүүчүлөрү Бекболот Токтогонов, Юрий Краковецкий, Отар Бестаев жана башкалар.

Кыргыз курама командасынын тизмеси:

60 килограммга чейинки салмак ченинде: Отар Бестаев;

66 килограммга чейинки салмак ченинде: Артур Тё;

73 килограммга чейинки салмак ченинде: Бектур Рысмамбетов;

81 килограммга чейинки салмак ченинде: Владимир Золоев;

100 килограммдан жогору салмак ченинде: Юрий Краковецкий, Бекболот Токтогонов.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: