super.kg logo

Бюджеттен 290 миллион сомдон ашуун акчаны уурдашкан деп шектелип 2 жеке компаниянын жетекчилери кармалды

 

Өлкөнүн бюджетине 290 миллион сомдон ашык зыян келтирген деген шек менен 2 жеке компаниянын жетекчилери кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук комитетининен билдиришти.

Маалыматка ылайык, буга чейин бюджеттик каражаттарды мыйзамсыз чыгарып кетүү жана уурдоо фактысы боюнча кылмыш иши ачылып, тергөө иштери жүрүп жаткан. 11-апрель күнү ал иштин алкагында "Таргет компания", "Тянь-Шань–Кайыңды" (азыркы "Фрезия") ЖЧКларынын жана аларга байланышы бар "Скай Логистик", "Жибек жолу Транс" ЖЧКларынын имараттарына санкцияланган тинтүү иштери жүргүзүлгөн.

"Бул компаниялар Мамлекеттик бюджеттен кошумча нарк салыгын (КНС) кайтарып алуу жолу менен 290 миллион сомдон ашык каражат алышкан.

Тергөө иш чараларынын жыйынтыгында эсептик документтер, ЕАЭБ өлкөлөрүнүн салык органдарынын мөөрлөрү алдын ала басылган салыктар төлөндү делген таза бланктар табылган. Ошондой эле Кытайдын мамлекеттик органдарынын жана компанияларынын мөөрлөрү, ири өлчөмдөгү акча каражаттары жана Кыргызстанга Кытайдан мыйзамсыз түрдө алынып келген дүйнөлүк бренддеги жасалма спорттук товарлар табылып, алынган", - деп айтылат маалыматта.

Сот Ц.Л. жана Л.Х. аттуу адамды "Таргет компания" жана "Тянь-Шань–Кайыңды" компанияларынын жетекчилеринин баш коргоо чарасын карап, убактылуу кармоочу жайга камоо чечимин кабыл алган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(2)
17.04.2018. 15:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
кытайлар окшойт болушпой койгонго болбосо кармашбайт эле
17.04.2018. 15:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ойууу бизде только жегичтер экенда, эмне эле онукпойбуз десе
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: