super.kg logo

ИИМ: "Тогуз-Тородогу митингге активдүү катышкан 15 адам кармалды"

 

Тогуз-Тородогу митингге активдүү катышкан 15 адам кармалды. Бул тууралуу 17-апрелде SUPER.KG порталына Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, аларга карата 234-берене (бейбаштык), 174-берене (мүлктү атайылап жок кылуу же зыянга учуратуу) жана 233-берене (массалык тартипсиздик) менен кылмыш иши козголгон.

"Учурда алтын ылгоочу комбинаттын өрттөлүшүнө тиешеси бар делген 15 адам кармалды. Алар Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгына жеткирилди. Ал эми 130дан ашык киши суракка алынды. Кармалгандардын үчөө аял киши. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.

Ошондой эле Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Айымкан Кулукеева Кытай тарап Кыргыз тарапка Тогуз-Тородогу окуя боюнча кайрылуу жасаганын айтты.

"Кытай элчилиги Тогуз-Тородогу окуяда кытай инвесторлорун жергиликтүү жашоочулардан коргоону жана аталган чырды көзөмөлгө алууну суранган. Териштирүүнү ИИМ өз көзөмөлүнө алды", - дейт Кулукеева.

Айта кетсек, буга чейин Тогуз-Тородо миңден ашуун адамдын катышуусунда митинг болгон. Алар аймактагы алтын ылгоочу комбинаттын курулушу токтотулуусун талап кылышкан. Митингдин жүрүшүндө алтын ылгоочу комбинаттын имараты өрттөлүп, ыргытылган таштан 3 милиция кызматкери жана жергиликтүү тургун жаракат алып ооруканага кайрылган. Кийин бул окуяга байланыштуу райондун акими кызматынан алынган.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(2)
17.04.2018. 12:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Карасан резко талап кылгандарын
Бизге чет элдик инвесторлордун деле кереги жок андан коро келечек муунга алтын кендерибиз тура бергени жакшы ,инвесторлор акчасын берет ал акчалар сол чонтокко тушо берет Кыргызтанга пайдасы деле жок
17.04.2018. 13:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Уят эле. Алдына алып келип чечип берип коюшпайт да эми туштон кийин кармап сурак кылып калышат карапайым элден.3 айлык баласы бар аялды да кармап кетишиптир.укук тебеленип жатат карапайым элдин.бизде закон иштебейт.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: