super.kg logo

Кайран кашты каалагандай калчагандар: Кашка "реформа" жасаган бьюти-блоггерлер

 

Ааламдашуунун шары менен сулуулук дүйнөсүндө да реформалар болуп келет. Учурда косметикалык каражаттар сырткы келбетибизди өзгөртүүчү "сыйкырдуу таякча" экени талашсыз. Табият берген сулуулугубузду бузуп, косметика менен жүзүбүздү өзгөртүүнүн түрдүү ыкмаларын дүйнөлүк бьюти-блоггерлер сунуштап келет. Бул ирет биз кайран кашты "жеген" визажисттер тууралуу кеп кылабыз.

Кувейттик визажист, бьюти-блоггер Закия Серрух Вахби кашты боёонун жаңы дизайнын сунуштады. Ал өзүнүн Инстаграмдагы жеке баракчасына макияж жасоону гана үйрөтпөстөн, кашты ар кандай формада боёонун түрлөрүн да көрсөтүп келет. Закия Серрухтун колунан жаралган сулуулуктун формуласы геометриялык сызыктарды элестетет.

"Айрым адамдар менин макияжыма олуттуу мамиле жасап, терс пикирлерин айтышат. Менин аларга айтарым, кабатыр болбогула. Мен болгону макияж жана кыялым менен ойноп жатам. Ал эми макияждагы жаңылыктарды жаратуу үчүн каштын салымы зор", - дейт ал.

Ал эми ирактык бьюти-блоггер, визажист Худа Каттан Бириккен Араб Эмиратында макияж жасоодогу эң мыкты сүрөтчү аталган. Ал АКШдан БАЭге келип, миллиондогон кыз-келиндерди сулуулап баштаган. Анын кардарларынын арасында шейхтердин жубайлары, Ким Кардашьян өңдүү атактуулар бар. Учурда Худа Каттан макияж жасоо менен чектелбестен, жеке косметикалык каражаттарын да чыгарып келет. Ал ачык түстөгү макияжды жасаганды жактырат. Ошондой эле каштын формасын да өзгөчө кылып чийип келет.

Сулуулуктун стандартынан чыгып, кашын кырып салгандар да жок эмес. Алар кааласа кашын ар кандай түстө, формада чийип алат же кашы жок деле жүрө беришет. Алардын бири америкалык ырчы, модель жана визажист Жеффри Стар. Бул мырза өзүн "Интернеттин ханышасы" деп тааныштырып келет. Сулуулук дүйнөсүнө жакын болгондуктан ырчылыктан тышкары макияж жасоону да өздөштүрүп, өзүнүн сырткы келбетин каалагандай боёп алат. Ошондой эле Ники Минаж, Пэрис Хилтон жана башка атактуулар менен иштешкен. Жеффри Стар 2015-жылы жеке косметикалык каражаттарын чыгара баштаган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
19.04.2018. 10:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Иблистин кулдары башка соз жок айтууга
19.04.2018. 13:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Үчүнчү кыз түшүңө кирбесин да
19.04.2018. 15:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Үчүнчүсү кыз эмес мырза деп жүрөт.
19.04.2018. 13:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Жүрөктүн үшүн алат го...Жараткан ар балээден өзүң сакта.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: