ИИМ: "Тогуз-Тородогу митингге активдүү катышкан деп кармалган аялдын кызы 2 айлык эмес, 2 жашта"
"Тогуз-Тородогу митингге катышкан деп кармалган аялдын кызы 2 айлык эмес, 2 жашта", - деди 17-апрелде Ички иштер министрлигинин басма сөз катчысы Бакыт Сеитов.
"Митингде аялдын бир тууган иниси эжесинин 2 айлык кызы бар экенин айткан. Азыр тергөөчүлөрдөн маалымат алдым, кызы 2 жашта экен", - деди Сеитов.
Кармалган Сабыркан Мусалиева иниси Адилет Көчкөнбай уулу эжесинин кызы 2 айлык экенин билдирген.
Токтобек Сариев камактагы аялдын күйөөсү: "Кызым 2 айлык эмес, 1 жарым жашта. Бирок эмчекте болчу. Кызым кечээ күндөн бери кусуп, кургак чай ичкенден башка эч нерсе жебей жатат. Кечинде дарыгерлер келип текшерип кетишти", - деди.
17-апрелде Тогуз-Торо районунун 100дөн ашык тургуну Ак Үйдүн алдына митингге чыкты. Алар милиция тарабынан кармалып Бишкекке алып келинген район тургундарын бошотууну талап кылышууда.
Айта кетсек, буга чейин Тогуз-Тородо миңден ашуун адамдын катышуусунда митинг болгон. Алар аймактагы алтын ылгоочу комбинаттын курулушу токтотулуусун талап кылышкан. Митингдин жүрүшүндө алтын ылгоочу комбинаттын имараты өрттөлүп, ыргытылган таштан 3 милиция кызматкери жана жергиликтүү тургун жаракат алып ооруканага кайрылган. Кийин бул окуяга байланыштуу райондун акими кызматынан алынган.
Тогуз-Тородогу митингге активдүү катышкан 15 адам кармалган.
кошулду


bul ayalga bashka myizamby