Бишкекте жүк ташуучу унаа сүзүп каза болгон кыздар классташ болушкан



Бишкекте эки кызды сүзүп кеткен КамАЗ жүк ташуучу унаанын айдоочусу камакка алынды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан SUPER.KG порталына билдирди.
"17-апрелде КамАЗ жүк ташуучу унаасынын айдоочусуна карата кылмыш иши козголду. Учурда убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө иштери башталды", - деп билдирет басма сөз кызматынан.
Каза болгон кыздар Нарын облусунун Эмгекчил айылынын тургундары.
Маркум кыздардын айылдашынын айтымында, кыздар классташ болушкан. Алардын бири үй-бүлөдө кыздардын улуусу болсо, бири үйдө жалгыз кыз болгон. Алар Бишкектеги жогорку окуу жайлардын биринде окушкан.
Эске салсак, 16-апрелде Бишкек шаарындагы Учкун кичи районундагы Ауэзов көчөсү менен түндүк тарапка бара жаткан КамАЗ жүк ташуучу 2 кызды жөө адамдар өтүүчү жайдан cүзүп кеткен. Кыздар окуя болгон жерден жан берген.
кошулду













1 |